Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:54

Министрликтердин соцтармактарда маалымат берүү өнөктүгү башталат


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Бүгүн, 19-августтан тартып министрликтердин, мамлекеттик мекеме-органдардын жетекчилери социалдык тармактар аркылуу жума сайын кайсы бир маселелерге байланыштуу маалымат берип туруу өнөктүгүн баштайт. Өкмөттүн басма сөз кызматы жума күндөгү жадыбалды жарыялады.

Ага ылайык, эртең менен Фейсбук жана Инстаграм аркылуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов аталган мекеменин иши тууралуу суроолорго жооп берет.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касейиновго жер жана суу ресурстарын башкаруу саясаты, мөңгүлөрдүн учурдагы абалы жана анын келечегине байланыштуу суроолорду берсе болот.

Экономика жана коммерция министрлинин орун басары Чоро Сейитов быйылкы жарым жылдыктагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берет.

Ошондой эле бул күнү Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Социалдык фонддун жетекчилери соцтармактарда түз эфирге чыгат.

Өткөн айда Министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында президент Садыр Жапаров өкмөт өкүлдөрүн маал-маалы менен жер-жерлерди кыдырып жана соцтрамактар аркылуу коомчулукка маалымат берип турууну тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG