Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Нурзат Нуртаева күрөш боюнча жаштардын Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды 


Нурзат Нуртаева жеке машыктыруучусу Үсөн Рыскулов жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасынын улук машыктыруучусу, Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев менен. 18-август, 2022-ж. София, Болгария. 
Нурзат Нуртаева жеке машыктыруучусу Үсөн Рыскулов жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасынын улук машыктыруучусу, Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев менен. 18-август, 2022-ж. София, Болгария. 

Кыргызстандык балбан кыз Нурзат Нуртаева Болгариянын София шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынды.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Нуртаева кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта жалпы төрт беттеш өткөрдү. Ал алгач 17-августта молдовалык Люциана Беданы 10:0, италиялык Лаура Годинону 12:2, германиялык София Шеффлени 6:3 эсебинде жеңип, финалга чыкты. 18-августта болгон финалдык таймашта жапониялык Ами Ишииге жеңилип, 2-орунду ээледи.

Бул дүйнө чемпионатында күрөштүн бул түрүнөн кыргызстандыктар Бермет Нуридин кызы жана Дильназ Сазанова 19-августта коло байге үчүн күрөшөт. Нуридин кызы 18-августта 62 килограмм салмакта тайпейлик Ю Лин Лону (4:0), түркиялык Бусра Ефени (4:3), чейрек финалда өзбекстандык Рушана Абдирасулованы (6:2) утуп, жарым финалда индиялык Сонам Сонамга (0:8) жеңилди.

Дильназ Сазанова 65 килограмм салмакта эки атаандашын утту. Алгач болгариялык Валентина Миткова Кожухарованы (11:0), чейрек финалда украиналык Манола Скобелсканы утуп (6:5), жарым финалда индиялык Приянка Приянкага жеңилди (0:5).

Нуридин кызы менен Сазанованын 3-орун үчүн беттеше турган атаандаштары 19-августтагы жооткотуучу таймаштардын жыйынтыгында белгилүү болот.

Нурзат Нуртаева 20 жашта. Ал быйыл июнь айында Бишкекте өткөн күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында күмүш байге алган. Ошондой эле Бахрейндин Манама шаарында болгон күрөш боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында дагы 2-орунду алган. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG