Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Баткендеги аткезчиликтен улам үч милиция кызматкери кармалды


Баткен. Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен. Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматынын үч инспектору коррупцияга шек саналып камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кабарлады.

“тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө ички иштер органынын өкүлдөрү башка адамдар менен бирге жүк ташыган машинанын айдоочуларынан такай акча алып турган, анын натыйжасында Кадамжай аркылуу товарларды аткезчилик жол менен ташууга шарт түзүлгөн. УКМК учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоого аракет кылып жатат”, - деп атайын кызматтын маалыматында айтылат. Инспекторлор менен кошо органда иштебеген дагы бир жаран кармалды.

Буга чейин Жогорку Кеңеште Баткенде район-шаарлар ортосунда аткезчиликке каршы уюштурулган көзөмөл бекеттерден улам бир канча жолу маселе көтөрүлгөн. Анын айынан атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев менен “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров кайым айтышкан. Мадумаров бул бекеттер коррупцияга жол ачканын, дыйкан-фермерлердин түйшүгү көбөйгөнүн билдирген, Ташиев дооматты четке кагып, депутаттын өзүн күнөөлөгөн.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Мындан кийин аткезчилик токтобой жатканы айтылып, жергиликтүүлөр ага каршы күрөштү күчөтүү талабын көтөрүшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG