Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

Атамбаевдин жактоочулары Батукаев иши боюнча кассациялык арыз жазды


Алмазбек Атамбаев. Азиз Батукаев. Коллаж.
Алмазбек Атамбаев. Азиз Батукаев. Коллаж.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча чыккан чечимге каршы кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылышты. Бул тууралуу анын адвокаттарынын бири Замир Жоошев маалымдап, Атамбаевди бул иш менен актоону соттон суранышканын айтты. Жоошев Батукаев иши боюнча соттун чечимине каршы даттануу укугу буга чейин колдонулбаганын белгиледи.

2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда анын Алмазбек Атамбаев менен мамилеси бузулган. 2013-жылдагы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу кылмыш иши тергелип баштаган. Атамбаевге “коррупция” беренеси менен айып тагылып, ал 2020-жылы июнь айында 11 жылга соттолгон.

2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин мурдагы президенттин адвокаттарынын кайрылуусу менен Жогорку сот Батукаев ишин кайра кароого жөнөткөн. Бирок, 2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген. Процесс дагы уланып, быйыл 15-мартта Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн күчүндө калтырган.

Азыркы тапта Атамбаев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Ага Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган. Ал 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG