Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:34

Кызматтык жүрүм-турумуна байланыштуу эки судья иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жамиля Туражанова жана Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун судьясы Ниматилла Каримбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Мындай чечим Соттор кеңешинин тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушу менен кабыл алынган.

“Алар кызматтан судьянын жүрүм-турумунун талаптарын бузгандыгына байланыштуу бошотулду”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Соттор кеңешинен Тоң райондук сотунун төрагасы Ниматилла Каримбековго жана Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жамиля Туражановага чара көрүүнү суранган. Анда төрага Каримбековдун Эмгек кодексин одоно бузгандыгын айткан. Туражанованын кандай тартип бузганы айтылган эмес.

Кызматтан алынган судьялар азырынча комментарий берише элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG