Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:11

Сокулукта токмоктолгон аял күйөөсүнө каршы арыз жазды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулук районунун тургуну күйөөсүнөн токмок жегенин айтып, милицияга кайрылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция тараткан маалыматка ылайык, 16-августта Улуттук госпиталга сабалган аял кайрылган. 28 жаштагы аял аны күйөөсү токмоктогонун айтып, милицияга арызданган. Бул факты боюнча аялга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланды.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. 2021-жылы 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталса, 2016-2018-жылдары бул сан 7000ден ашкан.

Статистика зомбулук тууралуу арыздардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөткөн. Соңку учурда адам өлүмү менен аяктаган, үрөй учурган кыз-келиндерге, аялдарга карата зомбулук фактылары орун алды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG