Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:46

Министрлик Атамбаевдин мамлекетке өткөн үйүндө курулуш башталарын билдирди


Алмазбек Атамбаевдин мамлекетке өткөрүлгөн үйү.
Алмазбек Атамбаевдин мамлекетке өткөрүлгөн үйү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекетке өткөрүлгөн үйүндө жакында курулуш иштери башталарын “Азаттыкка” билдирди.

“Учурда укуктук маселелер чечип жатат. Анын үйү Мүлк фондуна өткөрүлгөн. Жакында ал жакта курулуш башталат".

Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган Курманбек Бакиевдин Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү үйүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борбору ачылганы жатат. Министрлик ал жакта курулуш иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Буга чейин 2011-2017-жылдары президент болгон Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясын карылар үйүнө айлантуу пландалып жатканы айтылган. Анын үйүнүн айланасында талаш чыккан. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү соттун чечими менен мыйзам чегинде мамлекетке өткөнүн билдирген. Ал эми Атамбаевдин адвокаттары менен жакындары соттун чечими жок экенин айтып келишет.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG