Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Атамбаевдин адвокаты мүлк боюнча доо арыз берилерин билдирди


Алмазбек Атамбаев сот залында.
Алмазбек Атамбаев сот залында.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү соттун үй-мүлктү конфискациялоо тууралуу чечимине каршы доо арыз берүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу 31-майда “Азаттык” радиосуна Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди:

“Батукаев иши боюнча мамлекетке же кайсы бир адамдарга эч кандай материалдык зыян келтирилген эмес. Андыктан Атамбаевдин өзүнүн же үй-бүлөсүнүн мүлкүн конфискация кылууга мыйзамдык негиз жок эле. Бүгүнкү күндө Атамбаевдин үй-бүлөсү эмне себептен Кой-Таштагы үйүнөн чыкпайбыз деп жатат? Себеби Жогорку сот өзүнүн токтомунда “Мүлк маселеси боюнча жарандык тартипте өзүнчө доо арыз менен соттошкула” деп көрсөткөн. Атамбаевдин үй-бүлөсү ошондой доо арыз берүүнү пландап жатат”.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Бул өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган.

Жоошевдин айтымында, Атамбаевдин атасынын Арашанда 1953-жылы салынган үйү жана өзү Кой-Таш айылында курган үйү конфискация болууда.

Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Мирлан Бакиров 31-майда "Кабар" агенттигине түшүндүрмө берип, соттун аткаруу тизмесинде Арашандагы үй жок экенин, сөз жер тилкеси тууралуу жүрүп жатканын айтты.

“Батукаев ишинен” тышкары Атамбаев “Кой-Таш иши” (аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган), 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар, кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкорлук, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү иштери боюнча да айыпталып жатканын Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирген. Атамбаев өзү бул айыптоолорду саясий куугунтук катары баалап келет.

Бийлик жана укук тартибин коргоо органдары Атамбаевге карата куугунтук жок экенин, соттук териштирүүлөр мыйзам чегинде жүрүп жатканын айтууда. Президент Садыр Жапаров быйыл 25-мартта Атамбаевдин тегерегиндеги талкуу боюнча “Фейсбукка” пикирин жазып, мыйзам алдында баары бирдей экенин эскерткен. (RK)

XS
SM
MD
LG