Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:50

Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы борбор түзүү сунушталды


Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны.
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны.

Өзбекстандын Ташкент шаарында 18-августта өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү жыйынында Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүүнү сунуштады. Ниязбеков бул борбор ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоого жана коркунучтарга каршы турууда механизмдердин бири болорун белгилеп, ИИМдин демилгесин колдоого чакырды.

Мекеменин маалыматына караганда, жыйында трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, терроризм, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү, кибер кылмыштуулук жана адам сатуу менен күрөшүү боюнча талкуу жүрдү.

Коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУ уюмуна сегиз өлкө – Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Пакистан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. Беларус, Иран, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG