Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Мамлекеттик органдар соцтармактарда түз эфирде маалымат берип турат


Өкмөт үйү. Иллюстрация
Өкмөт үйү. Иллюстрация

Аткаруу бийлигиндеги бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери социалдык тармактар аркылуу жума сайын отчетун жарыялап, жарандардын суроолоруна жооп берет. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 19-августта мамлекеттик органдар Facebook жана Instagram аркылуу түз эфирге чыгып, суроолорго жооп берет. Эфирлердин графиги Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Президент Садыр Жапаров 4-июлда күч түзүмдөрүнүн, айыл чарба жана башка мекемелердин жетекчилерине эл менен жолугушууга тапшырма берген. ИИМ министри менен башкы көзөмөл органдын жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары аймактарды кыдырып келишти.

Президент Садыр Жапаров өкмөттүн аткаруу тартиби аксап жатканын, конкреттүү багыттар боюнча облустагы өкүлдөр, район акимдери менен айыл өкмөт башчыларынын айрым иштери чабал болуп жатканын сындап келет. 14-июлда өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда мамлекет башчы жалкоо кадрлар менен кош айтышуу мезгили келгенин айткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG