Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19

Акыйкатчы институту Жумагуловдун өлүмү боюнча ички иликтөө жүргүзүүнү талап кылды


Чыңгыз Жумагуловду күч кызматкерлери кармаган учурда тартылган сүрөт. 2019-жылдын 11-апрели.
Чыңгыз Жумагуловду күч кызматкерлери кармаган учурда тартылган сүрөт. 2019-жылдын 11-апрели.

Акыйкатчы институту Бишкектеги № 1 тергөө абагында киши колдуу болгон Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча ички иликтөө жүргүзүүнү талап кылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Омбудсмен институту өлкөдө бардык адамдар мыйзам алдында бирдей экенин белгилеп, маркумдун өлүмү боюнча тергөө ишинен сырткары мындай окуялар кайталанбашы үчүн мекеменин кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамилесине баа берүү үчүн ички иликтөө жүргүзүлүшү керек деп эсептейт.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, Жумагуловдун өлүмү жөнүндө кабар чыгары менен институттун кызматкерлери тергөө абагындагы окуя жөнүндө маалымат сурап Жаза аткаруу кызматына кайрылган.

Мекеме абакка бычак кандай шартта киргени иликтенип жатканын кабарлаган.

Кылмыш чөйрөсүндө "Дөө Чыңгыз" деп таанылган Чыңгыз Жумагулов 30-июлда №21 абактын бөлмөлөрүнүн биринде бычакталып каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнүн маалымдаган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жумагуловду 15-июлда опузалап акча талап кылган деген негизде кармаган. Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту аны 7-сентябрга чейин №21 абакта кармоо чечимин чыгарган.

1-августта Жазаларды өтөө мекемелериндеги мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратура Жумагуловдун өлүмү боюнча иликтөөнү баштаган. Кылмыш-жазык кодексинин 122-беренесинин 2-пункту («өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камалганы маалымдалган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG