Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

Бишкекте УКМК кызматкерлерине дагы бир имарат салынды


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Бишкек шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имарат ачылды. Анын ачылыш иш-чарасына атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев катышканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

“Жаңы курулган имарат кызматкерлердин иштөөсү үчүн талапка жооп бере турган, керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган”, - деп айтылат маалыматта.

Май айында дагы Бишкекте атайын кызматтын жаңы имараты ачылган. Анын ачылышына катышкан президент Садыр Жапаров жаңы заманбап имаратты ачуунун маанилүүлүгүн белгилеп, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери өз милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл шарттар түзүлүп жатканын айткан. 3-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясынын имараты курула баштаган.

2021-2022-жылдары бир катар район жана шаарларда атайын кызматтын жаңы имараттары курулду. Ташиев курулушка кеткен каражаттар тууралуу маалымат берген эмес. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG