Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Ислам шериктештиги оюндары: кикбоксчу Адилет Улан уулу күмүш байге алды


Кик-боксчу Адилет Улан уулу V Ислам шериктештиги оюндарында. 17-август, 2022-жыл. Конья, Түркия.
Кик-боксчу Адилет Улан уулу V Ислам шериктештиги оюндарында. 17-август, 2022-жыл. Конья, Түркия.

Кыргызстандык спортчу Адилет Улан уулу Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында күмүш байгеге ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, Улан уулу кикбокстун "лоу-кик" түрүнөн 60 килограмм салмакта күч сынашты. Ал алгач 17-августта азербайжандык Кияз Шахмардановду жана иорданиялык Ибрахим Сулейманды жеңип, финалга чыккан. 17-августта финалда түркиялык спортчуга жеңилип, 2-орунду ээледи.

Кик-бокстун дал ушул эле "лоу-кик" түрүнөн Аброр Хакимов коло байгеге ээ болду. Ал 71 килограмм салмакта казакстандык Берик Калыковду жана түркмөнстандык Гочмурат Жуманиязовду утуп, жарым финалга чыккан. Жарым финалда түркиялык Аслан Айдин жеңилип, 3-орунду ээледи.

Соңку жыйынтыктар боюнча V Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын спортчуларында тогуз алтын, сегиз күмүш жана тогуз коло байге бар. Медалдардын көрсөткүчү боюнча Кыргызстан азыр 9-орунда. Сап башында Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.

Түркиялыктар 117 алтын, 96 күмүш, 73 коло байге алышкан. 2-катардагы Өзбекстанда 45 алтын, 32 күмүш жана 52 коло бар. Ирандын спортчулары 38 алтын, 38 күмүш, 46 коло байге менен 3-орунда.

Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашууда. Кыргызстандан ага жүздөн ашык спортчу барды. Мелдештер 18-августка чейин уланат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG