Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:07

Денис Петрашов Ислам шериктештиги оюндарынын чемпиону болду 


Денис Петрашов V Ислам шериктештиги оюндарында сыйлоо аземинде. 16-август, 2022-ж. Конья, Түркия. 
Денис Петрашов V Ислам шериктештиги оюндарында сыйлоо аземинде. 16-август, 2022-ж. Конья, Түркия. 

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында алтын байгенин ээси болду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айгерим Турдалиеванын маалыматына караганда, Петрашов 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө финалдык жарышта 1-орунду алды (1 мүнөт 0,54 секунд). Экинчи жана үчүнчү орунда түркиялык спортчулар келишти. Денис Петрашов ушуну менен бул мелдеште үчүнчү жолу байгеге ээ болду. Ал буга чейин 13-14-августта брасс ыкмасы менен 50 жана 200 метрге сүзүүдө эки коло байге алган.

16 -августта Петрашовдон сырткары кыргызстандык спортчулар бир күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту.

Шахида Нармухамедова дзюдо боюнча кыз-келиндер арасында 78 килограмм салмакта күмүш байге алды. Ал алгач камерундук, жарым финалда марокколук спортчуну утуп, финалда түркиялык Нуркан Йылмазга жеңилип, 2-орунду ээледи.

Шахида Нармухамедова сыйлоо аземинде. 16-август, 2022-ж. Конья, Түркия.
Шахида Нармухамедова сыйлоо аземинде. 16-август, 2022-ж. Конья, Түркия.

Бул күнү спорттун аталган түрүнөн Асад Масабиров (81 кг) менен Даина Халмурзаева (+78 кг) коло байге үчүн беттеште атаандаштарына утулуп, 5-орунду алышты.

Ал эми Камила Абдулхамитова фехтованиеден (шпага) кыз-келиндер арасында жеке беттеште коло байге алды. Спорттун бул түрүнөн бир күн мурда Роман Петров эркектер арасында алтын медал тагынган.

Соңку жыйынтыктар боюнча V Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын спортчуларында тогуз алтын, жети күмүш жана сегиз коло байге бар. Медалдардын көрсөткүчү боюнча Кыргызстан азыр 9-орунга көтөрүлдү. Сап башында Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.

Түркиялыктар 102 алтын, 85 күмүш, 69 коло байге алышкан. 2-катардагы Өзбекстанда 42 алтын, 30 күмүш жана 47 коло бар. Ирандын спортчулары 37 алтын, 34 күмүш, 43 коло байге менен 3-орунга чыкты.

Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашууда. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу барды. Мелдештер 18-августка чейин уланат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG