Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:14

Бишкекте дагы бир турак жай кооперативине нааразы болгондор маалымат жыйын өткөрдү


"Ансар Групп" кооперативине нааразы болгондордун маалымат жыйыны. 16-август, 2022-жыл.
"Ансар Групп" кооперативине нааразы болгондордун маалымат жыйыны. 16-август, 2022-жыл.

"Ансар Групп" коммерциялык эмес керектөө кооперативине нааразы болгон жарандар 16-августта Бишкекте маалымат жыйын берип, ишкана келишимде көрсөтүлгөн убадаларын аткарбай жатканын айтышты. Алардын бири Гаухар Токталиева февраль айында кооперативге мүчө болуп кирип, 763 миң сом акча төлөгөнүн билдирди. Анын айтымында, келишимде коопертив 45 күндө батир алып берери жазылган.

“763 миң сом акчамды 15 жыл чогулткам. Келишим түзүп жатканда кезек менен берилет деп айткан эмес. Беш балам бар, эки балам үйгө батпай, бирөөсү сиңдимдин, экинчиси инимдин колунда”, - деди ал.

"Ансар Групп" коммерциялык эмес керектөө кооперативинин жетекчиси Элдос Шерматов мыйзам чегинде иштеп жатканын “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Кооперативдер жөнүндө 2004-жылы чыккан мыйзам бар. Ошол мыйзамды кыйшаюусуз аткарып жатабыз. Алар баш тарттык деп маалымат беришиптир. Азыр маалымат алып жатам. Мыйзам боюнча баш тарткандарга каржылык жыл аяктагандан кийин үч айдын ичинде кайтарылышы керек. Биз мыйзамга такабастан, кезек менен берип жатабыз. Ошол кезекке макул болбой, ички уставдарды сыйлабагандар ушундай кадамга барып жатышат”, - деди Шерматов.

Юстиция министрлигинин сайтында "Ансар Групп" кооперативи 2021-жылдын 3-майында каттоодон өткөн.

Май айында Ички иштер министрлиги жыл башынан бери кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 130дан ашык кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Мындай коопертивдерге нааразы болгон акциялар өткөн.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны 70тин тегерегинде экени айтылып келет. Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен. Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар да бир топ экени айтылып келет. Буга чейин айрым кооперативдердин башчылары кармалып, алардын ишмердүүлүгү териштирилип жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG