Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

"Ихсандын" камалган жетекчисин бошотууну талап кылган акция өтүүдө


Акциянын катышуучулары. 2022-жылдын 20-июлу.
Акциянын катышуучулары. 2022-жылдын 20-июлу.

Бүгүн 20-июлда Бишкекте «Ихсан» турак жай кооперативинин жетекчилигине байланыштуу козголгон кылмыш ишине карата нааразылык айтылган акция өтүп жатат. Кооперативдин мыйзамдуу өкүлү Төлөгөн Келдибаев «Азаттыкка» билдиргендей, алар камакка алынган Акинай Бекмурзаеванын күнөөсү жок экенин айтып, анын бошотулушун талап кылууда.

Келдибаев милицияга арыз «онго жетпеген адамдан» гана түшкөнүн, кооператив мыйзамдуу иштеп жатканын, маселе айрым кардарларга батир алуу мөөнөтү боюнча так эмес маалымат берилип калгандыктан жана үйлөр кымбаттап кеткендиктен чыкканын, кылмыш иши эч кандай документтерге кол койбогон Бекмурзаева боюнча эмес, факт боюнча козголсо туура болмогун айтууда:

«Ал башкармалыктын башчысы эмес. Эч нерсеге кол койбогон Байкоочу кеңештин төрайымын алып барып камап коюшту. Ишти элдин даттануусунун негизинде факт боюнча козгоп, эгер мыйзам бузуу аныкталса беренелер аудиттин жыйынтыгында коюлса туура болмок. Эртең кооперативдин ишмердүүлүгү боюнча аудиттин бүтүмү таза чыкса, анда эмне кылат?"

Акция Горький бакчасында өтүүдө. Журналисттердин баамында, ага 80-90 киши катышууда. Уюштуруучулар 300дөй киши чогулганын айтышты.

Акинай Бекмурзаева өткөн аптада Бишкекте кармалган, сот аны 8-сентябрга чейин абакта калтырган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бекмурзаевага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу” деген беренелеринин негизинде айып тагылганын билдирген.

Баштапкы эсептөө боюнча, зыяндын өлчөмү 121 миллион сомдон ашык деп көрсөтүлдү.

"Ихсан" турак жай кооперативинен үй ала албай, акчасын кайтара албай калганын айткандар нааразылык акцияларын уюштуруп келишкен.

"Ихсанга" алданып калганын айткандардын акциясы. Ош. 2022-жылдын 6-июну.
"Ихсанга" алданып калганын айткандардын акциясы. Ош. 2022-жылдын 6-июну.

18-июлда Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ички иштер министри Улан Ниязбеков “Ихсан” турак жай кооперативине байланыштуу “каржы пирамидасынын” ичинде жүргөн башка да “шылуундарды” издөө боюнча ыкчам иштер жүрүп жатканын айткан.

Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик «каржылык пирамиданын” элементтерине окшош экенин эскерткен.

Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар да бир топ экени айтылып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG