Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Бишкек мэри менен башкы архитектордун тиреши


Эмил Абдыкадыров жана Нуртазин Жетибаев. Коллаж.
Эмил Абдыкадыров жана Нуртазин Жетибаев. Коллаж.

Курулуш мамлекеттик агенттиги Бишкектеги мыйзамсыз берилген жер аянттары жана башаламан курулуштар үчүн мэриянын жетекчилигин айыптады. Мэрия дооматтарды четке кагып, шаар курууну калаа бийлиги колго алышы керек экенин билдирди.

Мэрияга айтылган ачык сын

Коррупцияга каршы координациялык кеңештин 19-июлдагы жыйынында курулуш тармагындагы жемкорлук талкууланды.

Жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жакында эле дайындалган башчысы Нуртазин Жетибаев баяндама жасады.

Ал Бишкектин вице-мэри Бактыбек Абдиев менен “Бишкекгенплан” ишканасынын жетекчиси Жыргалбек Асаналиевди шаар курууда бир топ мыйзам бузууларга жол бергени үчүн айыптады.

Өлкөнүн башкы архитектору Жетибаев аталган эки кызматкер 10 жылдан ашуун курулуш тармагындагы ар кандай жогорку кызматтарда иштеп турганын, шаардагы башаламан курулуштарга, жерлердин мыйзамсыз берилип кетишине шарт түзгөнүн айтты.

Алардын коррупциялык аракеттеринин бири катары шаардын түштүк аймагындагы айрым курулуштар боюнча кылмыш иши козголушу керек экенин билдирди.

Нуртазин Жетибаев.
Нуртазин Жетибаев.

“Жакында “Бишкекгенплан” ишканасынын өнүктүрүү долбоорун иштеп чыгуу аркылуу шаар куруу саясатын бүтүндөй шаар мэриясына өткөрүп алуу, шаар аймагындагы курулуштарды көзөмөлдөөнү Асаналиевге кайтаруу аракеттери болуп жатат. Кызмат абалын жана шаар мэри менен жеке мамилесин пайдаланган Асаналиевге шаар курууда мурдагы таасирин калтырууга бардык шарттар түзүлүүдө”, - деди Жетибаев.

Жетибаев жогоруда аты аталган кызматкерлер менен бирге калаа башчысын шаар курууну толук көзөмөлдөгүсү келип жатканын, бул башаламан курулуштардын уланышына алып келерин кыйытты.

Шаар куруудагы таасир талаш

Жыйынга катышкан Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Жетибаевдин айыптоосуна жооп берүүнү туура көрбөй турганын айтты. Бирок башаламан курулуштар үчүн агенттиктин өзүн күнөөлөп, шаар курууну мэрия гана колго алышы керек экенин ачык айтты.

Эмилбек Абдыкадыров.
Эмилбек Абдыкадыров.

“Учурда долбоорго бүтүмдү архитектура берет, ал кимге карайт? Курулуш агенттигине карайт. Ал бүтүмдү экспертизага берет. Ал дагы Курулуш агенттигине карайт. Көзөмөлдү дагы Курулуш агенттиги кылат. Ошон үчүн өткөн жумада Ош шаарынын мэри менен Акылбек Үсөнбековичке кирдик. Абалды түшүндүрүп айттык. Азыр Курулуш мамлекеттик агенттигинин жаңы жетекчиси түшүнө элек. Кийинчерек түшүнөт деп ишенем. Москвада, Алматы, Ташкентте шаардагы курулуш саясатын мэр жүргүзөт”, - деди Абдыкадыров.

Мэрдин маалыматына ылайык, шаардык түштүк аймагындагы 200 гектардан ашуун жер ижарага берилип, көп кабаттуу үйлөр салынган. Калаа башчысы учурда ал боюнча текшерүү жүрүп жатканын, жакында жер берүүгө тиешеси бар мурдагы үч-төрт мэрдин атын атоону убада кылды.

Күмөн жараткан кадрлар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курулуш мамлекеттик агенттигин башчысынын айтканы олуттуу айыптоо экенин, муну укук коргоо органдары текшерүүгө аларын белгиледи.

Курманкул Зулушев, Акылбек Жапаров.
Курманкул Зулушев, Акылбек Жапаров.

“Үч барак маалыматта "Асаналиев күнөөлүү, 1974-жылдан бери иштеп, ушу киши баарын жайлап жатат" дептир. Сиз ушул кишини “Бишкекгенплан” деген ишкананын башына коюп жатасыз. Бул аябай олуттуу айыптоо. Абдиев Курулуш мамлекеттик агенттигинде иштеген. Сиз өзүңүз иштердин баарын Курулуш мамлекеттик агенттиги жасаган деп айттыңыз. Ошол Курулуш мамлекеттик агенттигинде кылгылыкты кылып, тергөө абагында жатып чыгыптыр, прокуратура тарабынан аныкталыптыр. Эмне үчүн ушундай кишилерди сиз алып жатасыз? "Мен таза, кесипкөй адистер менен иштеп жатам" дебедиңиз беле. Эми бул жөн эле сөз бойдон калбайт, прокуратура текшерет”.

Эмил Абдыкадыров аты аталган кызматкерлерге расмий айыптоо жок экенин айтып, аларды кесипкөй адис катары сыпаттады. Абдыкадыров Абдиев менен Асаналиевдин күнөөсү болсо кызматтан алууга даяр экенин кошумчалады.

Коррупцияга каршы координациялык кеңеште башкы прокурор Курманкул Зулушев калаа башчысынын курулуш тармагындагы башаламандыктар боюнча сындады.

Зулушев мэрияда үч вице-мэрдин дайындалышынын мыйзамдуулугу боюнча дагы текшерүү жүрүп жатканын белгилеп, жыйынтыгы менен чечим кабыл аларын эскертти.

“Кесепети оор болуп калышы мүмкүн. Ошол үч вице-мэрдин бири азыркы силер айтып жаткан жигит. Мыйзамсыз коюп алып иштеп жатасыз. Анын кабыл алган чечимдери мыйзамсыз болсо сиз жооп бересиз”, - деди Зулушев.

Макала даярдалып жатканда аты аталган Абдиев жана Асаналиев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Алардын пикирине дагы орун берүүгө даяр экенибизди белгилейбиз.

Бактыбек Абдиев деген ким?

Учурда Бишкек шаарынын вице-мэр кызматын аркалап жаткан Бактыбек Абдиев 2000-жылдардан баштап курулуш тармагында иштеп, акыркы 10 жылдын ичинде шаар куруу тармагында эмгектенген.

Абдиев 2016-2020-жылдары Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин жетектеп турганда ошол кездеги өкмөт башчылардын сынына кабылган.

2020-жылдан баштап жеке курулуш компаниясында иштеп, 2022-жылдын март айында кызматка келген.

Жыргалбек Асаналиев деген ким?

Жыргалбек Асаналиев дагы курулуш тармагында иштеген. Буга чейин Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору жана Долбоорлоо институтунун жетекчиси кызматын аркалаган.

Мэрияда жакында эле түзүлгөн "Бишкекгенплан" ишканасынын жетекчиси болуп Жыргалбек Асаналиев дайындалган. Мэр Эмилбек Абдыкадыров ишкана шаарды курууда башкы планды иштеп чыгуу менен алектенерин айткан.

Бактыбек Абдиев жана Жыргалбек Асаналиев. Коллаж.
Бактыбек Абдиев жана Жыргалбек Асаналиев. Коллаж.

Нуртазин Жетибаев деген ким?

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине бир ай мурун дайындалган Нуртазин Жетибаев 2021-жылы президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп иштеген.

Ага чейин Футбол федерациясынын башкы катчысы, Башкы прокуратуранын башкаруу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

2014-жылы Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерге байланыштуу кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Бул иш боюнча ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бактыбек Абдыкапаровго дагы кылмыш иши козголгон. Жетибаев 2015-жылы үй камагына чыгарылып, 2016-жылы сот аны алты жылга, үч жыл сыноо мөөнөтү менен шарттуу түрдө кескен.

Коррупцияга каршы координациялык кеңештин жыйында архитектура жана курулуш тармагындагы мыйзамсыз иштер жөнүндө маалыматтар айтылды. Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында бүгүнкү күндө өзүм билемдик менен курулган 78 объект бар. 78 курулуштун 36сы Бишкекте. Калган 24ү Ош шаарында, 15и Жалал-Абад облусунда, үчөө Чүй облусунда. Курулуштардын негизги бөлүгү көп кабаттуу турак үйлөр.

"Азаттык" радиосу буга чейин Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар жөнүндө бир нече иликтөө жасаган. Алардын биринде калаанын түштүк аймагындагы жер тилкелери шектүү жолдор менен жеке колдорго өткөнү айтылат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG