Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Львовго келди


Антониу Гутерриш
Антониу Гутерриш

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш 17-августта Украинанын Львов шаарына барды. Бейшембиде аталган шаарда анын жана Украинанын президенти Владимир Зеленский, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын катышуусунда сүйлөшүүлөр өтөт.

Эрдоган Украинадагы согушта ортомчу болууга бир нече жолу аракет кылганын Reuters агенттиги жазган. Украинанын эгинин экспортко чыгаруу боюнча келишимде да Анкаранын ролу чечүүчү болгон.

Гутерриштин басма сөз катчысы Стефан Дюжарриктин айтымында, Львовдогу жолугушууда Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) айланасындагы кырдаал, ошондой эле Украинадагы согушту саясий жактан жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү талкууланат.

Зеленский соңку видео кайрылуусунда станциянын айланасындагы кырдаалга кайрылып, Орусиянын аскерлери аны тез арада таштап чыгып кетиши керектигин эскерткен.

Европадагы эң чоң атомдук станция – Запорожье АЭСи Украинанын орусиялык аскерлер басып алган аймагында жайгашкан. Согуштун башында да станцияга сокку жасалып, анда да эки тарап бири-бирин айыптаган. Соңку күндөрү да анын айланасында кармаш жүрүп жатат.

14-августта Европа Биримдигинин бардык мүчөлөрү жана АКШ, Канада, Астралия, Түштүк Корея, Жапония баштаган 42 мамлекет Орусияны аталган АЭСтен чукул арада аскерлерин алып кетүүгө чакырган. Запорожье облусун басып алган орусиялык күчтөр станциянын айланасында ок атышпоо режимин сунуштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG