Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Муфтий облус казыларына санариптешүүгө өтүүнү тапшырды


Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Замир Ракиев 17-августта облус казыларынын отчетун укту. Муфтияттан кабарлашкандай, анда негизинен жыл башынан бери жасалган иштер, берилген тапшырмалардын аткарылышы жана диний кырдаал талкууланды. Ошондой эле мечиттерди тактоо жана каттоо маселеси, аялдардын окуу борборлорунун ишмердиги, нике каттоо журналына, салттуу эмес диний агымдарынын алдын алууга байланыштуу маалымат берилди.

"Казыяттардын ишин жакшыртуу жана санариптештирүү боюнча иш алып барууну баштап жатабыз. Эми документ иштерин иретке келтирүүдө баары электрондоштурулат. Ар бир казыят санариптешет. Муну менен катар мечиттердин каттоосун тездетүү керек жана ага бир ай мөөнөт берилет. Өлкө башчыбыз ысырапкорчулуктун алдын алууда жарлык чыгарган. Бул жааттагы ишибиз дагы солгундаптыр. Учурда муфтият атайын жер-жерлерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге атайын жыйындарды өткөрүү үчүн план түзүп жатат. Бул иш чукул арада башталат. Андыктан ар бириңиздер даяр турушуңуздар керек. Мындан ары ар бир казынын жана казыяттын иши дыкат көзөмөлгө алынат",-деди Замир Ракиев.

Ушул жылдын башында Садыр Жапаров “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Документ аш-той өткөрүүдө ысырапкорчулукту азайтууга багытталганын билдирген.

Жапаров жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштап, Ак үйдөгүлөргө чейин тапшырган. Ошондон бери жер-жерлерде ысырапкерчиликти тыюуга байланыштуу иш-аракеттер көрүлүп жатканы менен той-ашты мурдагыдай эле өткөргөндөр деле бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG