Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:35

Элчи Кадыркулов Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды


Идрис Кадыркулов жана Владимир Зеленский, Киев, 17-август, 2022-жыл.
Идрис Кадыркулов жана Владимир Зеленский, Киев, 17-август, 2022-жыл.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов аталган өлкөнүн башчысы Владимир Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу украин президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып ушул жылдын башында дайындаган.

Анын алдында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети анын талапкерлиги колдогон эмес, жыйында ага депутаттар атайын кызматтын жетекчилигинен кеткен себеби, андагы иштери тууралуу суроолорду беришкен.

Кадыркуловдун бул кызматка парламенттин макулдугу жок дайындалышы талкуу жараткан.

УКМКны 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын майына чейин жетектеген Кадыркулов Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып алуу боюнча тендер чырынан кийин кызматын тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG