Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Грузия: бейөкмөт уюмдар орусиялыктарга виза режимин киргизүүнү сунуштады


Грузиянын желеги.
Грузиянын желеги.

Грузиядагы жыйырмадан ашык бейөкмөт уюм орусиялыктар үчүн виза режимин киргизүүнү суранган биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Алар орусиялык туристтердин эч көзөмөлсүз жапырт түрдө өлкөгө кириши, ошондой эле Батыштын Орусияга каршы санкцияларынан качуу үчүн Грузияга жер которгон ишкерлер мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат деп эсептешет.

Билдирүүнүн авторлору акыркы расмий маалыматтарга шилтеме кылып, март айынан июль айына чейин 350 миңге жакын орусиялык Грузияга турист катары эле эмес, отурукташуу үчүн да келгенин жарыялады. Алар Тбилисиден жана Батумиден терт миңге жакын турак жай сатып алып, алты жарым миңден ашык ишкана ачкан. 14 миңдей орусиялык Грузияда жашоого уруксат алган.

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Москва отурукташып калган орусиялыктардын көптүгүнөн пайдаланып мекендештерин коргоо шылтоосу менен аскерин киргизип, Грузиянын аймагынын бир бөлүгүн көзөмөлгө алууга аркет кылат деп кооптонушууда.

Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы жана Ираклий Гарибашвилинин өкмөтү орусиялык ишкерлердин Грузияга бизнесин которгонун, мүлк сатып алуу көбөйгөнүн коркунуч катары көрбөйт. Гарибашвили туристтердин көбөйүшүн “миңдеген жумуш орундарын түзүп, өлкөдөгү жакырчылыкты жеңүүгө жардам берет” деди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG