Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:53

Резников: Крымдагы Орусиянын базаларына сокку урууга чектөө жок


Алексей Резников.
Алексей Резников.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Украинанын Батыш өлкөлөрүндөгү өнөктөштөрү аннексияланган Крымдагы Орусиянын аскердик объектилерин жок кылууга тыюу салбаганын билдирди. Бул тууралуу ал “Америка авазы” радиосуна берген маегинде айтты.

“АКШ жана өнөктөштөр бизге берген куралды Орусиянын аймагында колдонуу боюнча АКШ менен келишимдерибиз бар. Эгерде биз Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарын деоккупациялоо жөнүндө айтып жаткан болсок, бизде эч кандай чектөөлөр жок. Анткени ал жерде душман бар”, - деди Резников.

Резников Украинага HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системасы үчүн ATACMS ракеталарын берүү боюнча саясий чечим кабыл алынат деген үмүтү бар экенин айтты. Ал HIMARS согуштун өңүтүн бир топ эле өзгөрткөнүн, ATACMS ракеталары берилсе, ал да салым кошо турганын билдирди.

16-августта аннексияланган Крым жарым аралындагы Симферопол районунун Гвардейское конушундагы аскердик авиабазада бир нече жарылуу болгон. 9-августта да Крымдагы орусиялыктар колдонгон “Саки” аскердик аэродромунда удаа жарылуулар катталган.

Орусиянын Коргоо министрлиги анда аэродромдун аймагында авиациялык дүрмөттөр детонация болуп, жарылып кеткенин жарыялаган. Мекеме сырттан чабуул болгонун четке каккан. Украинанын бийлиги да бул жарылууларга тиешеси бар экенин тактаган эмес. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG