Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Өзбекстан менен Тажикстан 26,6 миллион долларлык келишим түзүштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрү Сурхандарыя жана Хатлон облустарынын бийлиги менен ишкерлердин ортосунда кызматташуу боюнча 23 келишимге кол коюшту.

Бул тууралуу Тажикстандын улуттук “Ховар” маалымат агенттиги жазды. Документтерге өткөн жуманын аягында форумдун алкагында кол коюлган. Келишимдердин арасында өз ара түшүнүшүү меморандуму жана туризм тармагында кызматташуу боюнча жол картасы бар.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында 26,6 миллион долларга товар жеткирүү боюнча алты келишимге жана инвестициялык 15 долбоорго кол коюлду.

XS
SM
MD
LG