Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Мектеп директорлорун тандоо: Чүй менен Таласта тестирлөө өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мектеп директорлорун тандоо сынагынын алкагында 17-августта Чүй менен Талас облустарында компьютердик тестирлөө жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин билдиришинче, Чүйдө 44, ал эми Таласта 146 бош орун бар.

Буга чейин комьютердик тестирлөө Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында өткөн. Анда Баткен облусундагы мектеп директорлорун тандоо сынагына катышкан 147 талапкердин ичинен 60 адам тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн.

Жалал-Абадда 220 талапкердин 61и, ал эми Ошто Ошто 372 адамдын 88и керектүү балл топтогон.

Президент Садыр Жапаров 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп убакыттан бери иштеп келген директорлор кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчи сынак аркылуу дайындалат.

Тармактык министрлик жарлыктын негизинде быйыл жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмаша турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG