Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Жарым жылда миңден ашык адам мамлекеттен ипотека насыясын алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ипотекалык компания ушул жылдын биринчи жарымында 1041 жаранга батыр алууга жеңилдетилген насыя берилгенин билдирди. Анын жалпы суммасы 2,5 миллиард сомду түздү.

Жогорку Кеңеште июнь айында ипотека насыясын берүүдөгү паракорчулукка байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Депутат Эмил Жамгырчиев ири коррупциялык элементтер бар экенин айтып, компаниянын жетекчилигинен отчет алууну сунуштаган.

Мамлекеттик ипотека компаниясы мындай дооматтарды четке каккан. Анда жаран электрондук кезекте тургандан тартып, банк анын арызын кабыл алганга чейинки ар бир кадам катталары, кайрылган жарандар жеке кабинети аркылуу ар бир этапты карап тура алары белгилеген.

Расмий маалыматка ылайык, ипотекалык компания иш жүргүзө баштаган 2016-жылдан ушул күнгө чейин жети миңге чукул үй-бүлө турак-жайлуу болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG