Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:06

"Медиа Полиси" активист, блогерлерге козголгон кылмыш иштерин токтотууга чакырды


Ырыс Жекшеналиев.
Ырыс Жекшеналиев.

Журналисттерге укуктук жардам көрсөткөн "Медиа Полиси" институту Фейсбук колдонуучу Ырыс Жекшеналиевге козголгон кылмыш иши жөнүндө билдирүү таратты. Уюм буга чейин кармалган активист, блогерлерди бошотууга чакырды. Жекшеналиевге козголгон кылмыш ишин жана анын билдирүүлөрүн анализдеп, эч кандай башаламандыкка чакыруу болбогонун билдирген.

"Медиа Полиси" институту бийликти сындоо жана пикир айтуу ар бир адамдын конституциялык укугу экенин эске салган. Институт ушундай беренелер менен айыпталган Мирлан Ураимов жана Мыктыбек Адилет Алиге карата кылмыш иштерин токтотууга чакырды. "Медиа Полис" бийликти сындаган пикир айткандар менен күрөшүүнү токтотууга чакырды.

16-августта Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралууда. Ал сот залында өзүнө козголгон кылмыш ишин “акылга сыйгыс” деп атады.

15-августта Ички иштер министрлиги (ИИМ) Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин камалганын ырастаган. 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеону аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш ишин козгогон. Жекшеналиев милициянын убактылуу кармоо жайына камалган.

14-августта президент Садыр Жапаров сөз болуп жаткан кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG