Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Сотто Ырыс Жекшеналиев күнөөсү жок экенин билдирди


Ырыс Жекшеналиев.
Ырыс Жекшеналиев.

Бүгүн, 16-августта Фейсбук колдонуучусу Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралууда. Ал сот залында өзүнө козголгон кылмыш ишин “акылга сыйгыс” деп атады.

15-августта Ички иштер министрлиги (ИИМ) Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин камалганын ырастаган. 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеону аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман баш аламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш ишин козгогон. Жекшеналиев милициянын убактылуу кармоо жайына камалган.

14-августта президент Садыр Жапаров сөз болуп жаткан кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG