Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Президент Жапаров Жетим-Тоого байланыштуу пикирин билдирди


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоонун айланасындагы талаш-талкууга байланыштуу элге кайрылуу жолдоп, ал жердеги кенди колдонууга каршы чыккандарды сындады. Ал жарандарды "Жетим-Тоону берип атышат деп калп сүйлөбөөгө" чакырып, тийиштүү органдарды жалган маалымат тараткандар менен иштөөгө үндөдү.

Мамлекет башчынын текст түрүндөгү кайрылуусу 14-августта Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

"Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо “Эгер Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды Жетим-Тоо эле жаап коет” деп айткан сөзүм бар. Бирок азыр Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок", - деп белгилеген Жапаров "бүгүн эле Жетим-Тоону иштетип жиберүүгө даярдык жоктугун, геологиялык иштер жүргүзүлүп, запасын тактоо буйругу берилгенин" кошумчалады. Ал кенди Кыргызстан өзү иштете турганын, башкаларга үлүш берилбестигин айтты.

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн.

Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министрдин милдетин аткарып турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир кени бар экенин, аны иштетүү ниетин билдирген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG