Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Ошто мектеп директорлугуна талапкерлердин 25% сынактан өттү


Компьютер клавиатурасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Компьютер клавиатурасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунда мектеп директорлугуна талапкерлердин сынагына катышкан 359 кишинин 88и компьютерлик тестирлөөдөн ийгиликтүү өттү. Бул көрсөткүч жалпы талапкерлердин 25% түзгөнүн Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Облустагы мектептердин директорлук кызматына 541 жаран талапкерлигин көрсөткөн. Биринчи этапта 169 кишинин документтери толук эмес болгондуктан, экинчи айлампага өтпөй калышкан.

13-августтагы тестирлөөгө катышууга 372 талапкер катталып, алардын 13ү келбей, 359у катышты.

Буга чейин мындай тестирлөө Жалал-Абад жана Баткен облустарында өткөн. Жалал-Абадда 220 талапкер арыз берип, анын 61и сынакты ийгиликтүү тапшырган. Баткенде 147 адамдан 60ы тиешелүү упайды топтой алган.

Билим берүү министрлиги сынак 17-августта Талас жана Чүй облустарында, 20-августта Нарын жана Ысык-Көл облустарында өтө турганын билдирди.

Президент Садыр Жапаров 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп убакыттан бери иштеп келген директорлор кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчи сынак аркылуу дайындалат. Бул жарлык айрым мектеп директорлорунун нааразылыгын жараткан эле.

Тармактык министрлик жарлыктын негизинде быйыл жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмаша турганын билдирген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG