Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

"Билим айтышта" төкмө акын Кутман Садыбакасов жеңди


Айтыш өтүп жаткан учур.
Айтыш өтүп жаткан учур.

Бишкекте төкмө акындардын "Билим айтышынын" финалында Кутман Садыбакасов 1-орунду алып, ага 85 миң сом сыйлык ыйгарылды.

2-орунду ээлеген Жылдызбек Төрөканов 65 миң сом, 3-орунга ылайык табылган Баян Акматов 45 миң сом алды. Андан тышкары, бардык катышуучуларга 15 миң сомдон берилди.

Ошондой эле "Ак таңдай" коомдук фонду жасатып келген "Алтын комуз" сыйлыгы Жылдыз Төрөкановго тапшырылды. Internews уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурган иш-чара 13-августта кечинде "Ынтымак-2" эс алуу багында өттү.

Аталган уюм 2022-жылдын январында “Билим айтыш” долбоорун баштаган. Анда төкмө акындар медиасабаттуулук жана алардын чыгармачылыгын социалдык тармактарда жайылтууну үйрөнүштү.

Жума сайын 21 төкмө акындан (19 эркек, эки аял) турган топко медиасабаттуулук боюнча контент түзүү сунушталып, мыкты чыгармаларды комиссия тандап, финалисттер Instagram, TikTok жана Facebook социалдык түйүндөрүндө элдин добушу менен аныкталып келген. Ал эми финалда жеңүүчүлөрдү Түгөлбай Казаков, Аймен Касенов өңдүү коомдук, маданий ишмерлерден турган калыстар тобу тандашты. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG