Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

ТИМ Хорватияда кармалган кыргызстандыктардын иши менен алектенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Хорватияда кармалган кыргызстандыктарга консулдук-укуктук жардам көрсөтө баштады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери Хорватиянын Загреб шаарына жөнөтүлдү. Бул жагдай Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө экени айтылды.

Августтун башында Хорватияда бир канча кыргызстандык жарандар "мыйзамсыз мигранттарды ташыган" деген шек менен камалганы маалым болгон.

Кыргызстандын Хорватия менен дипломатиялык алакаларды жүргүзүү тапшырмасы Орусиядагы элчиликке жүктөлгөн. Элчиликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Назгүл Жусубакунова мыйзамсыз ишке барды деп шек саналып, камакка алынган жарандар боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын "Азаттыкка" билдирген эле.

Жыл башында Венгрияда "мыйзамсыз мигранттарды ташууга" шек саналып Кыргызстандын, Украинанын жана Молдованын жарандары кармалышкан.

Буга чейин Европага жумушка орноштуруу боюнча компанияга алданып калган 150дөн көп кыргызстандык "Азаттыкка" кайрылышкан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG