Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

"Так мураскери" тасмасына байланыштуу бийликке кайрылуу жолдонду


"Так мураскери" ("Манастын уулу Семетей") тасмасын тартуу учуру.
"Так мураскери" ("Манастын уулу Семетей") тасмасын тартуу учуру.

"Так мураскери" ("Манастын уулу Семетей") тасмасын кайрадан көрөрмандарга тартуулоо демилгесине каршы бийликке кайрылуу жолдонду. "Манас" театрынын көркөм жетекчиси, манасчы Замирбек Баялиевдин бул жааттагы пикири жана Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Самат Көчөрбаевдин бийликке кайрылуусу "Манас" театрынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Муну аталган театрдан "Азаттыкка" ырасташты.

"Так мураскери" фильминин сценарийи эпостун салттуу вариантынын мазмуну менен шайкеш келбей турганын айтып, маданият ишмерлери жана манасчылар бир жыл мурун да каршылык билдирип, тасманы тартууну токтотууну талап кылышкан. Кинонун жаратуучулары коомчулуктун айтканын угуп, тасма дагы айрым оңдоолор менен коштолушу мүмкүндүгүн белгилешкен.

Кинонун продюсери Өмүрзак Төлөбеков Бишкектеги кинотеатрларда 25-августтан фильмди элге тартуулоо пландалып жатканын билдирди. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG