Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:36

Кытайда селден жети адам каза болду


Кытайдагы сел кырсыктарынын биринде тартылган сүрөт.
Кытайдагы сел кырсыктарынын биринде тартылган сүрөт.

Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясында селден жети адам каза болду. Бул тууралуу жекшемби күнү аймактык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди.

Буга чейин "Сина" порталы төрт киши каза таап, тогуз адам жаракат алганын жазган.

Окуя 13-августта түштөн кийин Чэнду шаарынын түндүк бөлүгүндө туристтер көп барчу паркта болгон.

Жергиликтүү бийлик издөө-куткаруу иштерине 150гө жакын адамды тартты. Жабыркагандардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүлүп, айрымдары жергиликтүү ооруканага жаткырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG