Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:43

Блогер Ырыс Жекшеналиев эки айга камалды


Ырыс Жекшеналиев сот залында.

Бүгүн, 16-августта Фейсбук колдонуучусу Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, эки айга камакка алуу чечими кабыл алынды. Анын жактоочусу Жекшеналиев Бишкектеги №1 Тергөө абагында кармаларын айтты.

Ырыс Жекшеналиев сот залында өзүнө козголгон кылмыш ишин “акылга сыйгыс” деп атаган.

Журналисттерге укуктук жардам көрсөткөн "Медиа Полиси" институту Фейсбук колдонуучу Ырыс Жекшеналиевге козголгон кылмыш иши жөнүндө билдирүү таратты. Уюм буга чейин кармалган активисттерди, блогерлерди бошотууга чакырды. Билдирүүдө блогерге козголгон кылмыш ишин жана анын билдирүүлөрүн анализдеп, ал "Калайман башаламандык" беренесине туура келбестигин, эч кандай башаламандыкка чакыруу болбогонун билдирген. "Медиа Полиси" институту бийликти сындоо жана пикир айтуу ар бир адамдын конституциялык укугу экенин эске салган.

15-августта Ички иштер министрлиги (ИИМ) Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев камалганын ырастаган. 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеону аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш ишин козгогон. Жекшеналиев милициянын убактылуу кармоо жайына камалган.

14-августта президент Садыр Жапаров сөз болуп жаткан кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG