Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:46

Швейцария Каримованын 131 млн. долларын Ташкентке кайтарат


2012-жылдан бери Швейцария Гүлнара Каримовага жана мобилдик байланыш операторлоруна байланышкан коррупциялык ишти иликтеп келген.
2012-жылдан бери Швейцария Гүлнара Каримовага жана мобилдик байланыш операторлоруна байланышкан коррупциялык ишти иликтеп келген.

Швейцария Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тун кызы, коррупцияга айыпталган Гүлнара Каримованын 131 миллион долларын Ташкентке кайтарып берүүгө макул болду.

Тараптар буга байланыштуу 16-августта Берн шаарында макулдашууга кол койду.

Документтин шартына ылайык, бул каражат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) көмөгү менен Өзбекстанда туруктуу өнүгүү фондун түзүүгө жумшалат.

Швейцария 2012-жылы Каримовага коюлган айыптарга байланыштуу анын банктардагы 800 миллион долларын конфискациялаган.

Ушул жылдын июнь айында швед соту Каримованын доо арызын жарым-жартылай канааттандырган. Bloomberg Law басылмасы бул чечим ага 293 миллион франкты (303 миллион доллар) кайтарып алууга көмөктөшөрүн жазган.

2012-жылдан бери Швейцариянын прокуратурасы Каримовага жана мобилдик байланыш операторлоруна байланышкан коррупциялык ишти иликтеп келген. Ал коррупциялык схемаларга катышып, МТС, VimpelCom жана TeliaSonera компанияларынан өзбек рыногуна чыгуу үчүн 865 миллион доллар алган жана адалдаган деп шек саналган.

Каримова 2015-жылы өз өлкөсүндө беш жылга эркинен ажыратылган, 2019-жылы колонияга которулган. 2020-жылдын мартында ал “мамлекеттик каражатты кымырып алуу, өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү, башка бирөөнүн мүлкүн опузалап тартып алуу фактылары” боюнча дагы 13 жыл 4 айга кесилген.

Жыл башында укук коргоочулар анын каражаттарын кайтаруу жараяны ачык жүрбөгөнүн билдиришкен. Алар ошондой эле акыркы жылдары мамлекеттик түзүмдөрдө непотизм, негизги структураларга саясий кийлигишүү, паракорлук үчүн жазасыз калтыруу көрүнүштөрү көбөйгөнүн белгилешкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG