Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Финляндия орусиялыктарга виза берүүнү бир канча эсе азайтат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Финляндия кийинки айдан, сентябрдан тартып орус жарандарына туристтик виза берүүнү 10 эсеге чейин азайтат. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Ошол эле маалда орусиялык активисттер жана журналисттер үчүн жаңы, гуманитардык виза берүүнү киргизүү каралып жатканы маалымдалды.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, Финляндия учурда күн сайын орус жарандарынын бир миңдей визага арызын карайт. Сентябрдан тартып бул көрсөткүч 100-200гө чейин азайышы мүмкүн.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Москванын Киевге каршы согушуна жооп катары орус жарандарын Евроропа өлкөлөрүнө киришине тыюу салууга чакырган.

Еврошаркет 26-февралдан баштап Орусия менен жеңилдетилген виза режимин убактылуу токтоткон. Европанын бир катар өлкөлөрүнүн элчиликтери жана виза борборлору орусиялыктарга кыска мөөнөттүү Шенген визасын берүүнү азайтты же толугу менен токтотту.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG