Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди


Садыр Жапаров Солтон-Сарыда эл менен жолугууда. 27-июнь, 2022-жыл.
Садыр Жапаров Солтон-Сарыда эл менен жолугууда. 27-июнь, 2022-жыл.

Нарындагы Солтон-Сары алтын кениндеги 2019-жылы жергиликтүүлөрдүн нааразылыгынан кийин токтотулган Бучук тилкесин иштетүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасында жазды.

Анда президент Садыр Жапаров июнь айында жеринде барып көрүп, элдин «жол салып, жаратылышты талкаланат» деген пикирин укканын жазган.

"Бирок өзүңүздөр билгендей, жолдор эчак эле салынып бүтүп, фабрика салуу иштери жарымдап калган. Жер кыртышын бузуу боюнча башка иштер болбой турганы аныкталган. Ошондуктан мындан ары башка жерден жер кыртышын бузбастан, Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди".

Султанбаев ишкана азырынча жергиликтүү элге 50 миллион сомдон кенемте төлөп, кийин алтын чыга баштаганда, бул сумма эселеп көбөйтүлөрү макулдашылганын билдирди.

«Ишканага мамлекеттин үлүшү киргизилип, кенди иштетүүдө цианид колдонулбайт жана алтын Кара-Балтада аффинаждалат», - деди ал.

Жапаров июнь айында Нарындагы Солтон-Сары алтын кенинде эл менен жолугуп, ишкана боюнча акыркы чечим комплекстүү анализ жана кырдаалды ар тараптуу изилдөөдөн соң кабыл алынарын, экология маселелерине өзгөчө көңүл буруларын айткан.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Бучук тилкесинде 12 тонна алтын бар. Ал эми жалпы баалуу металлдын кору 22 тонна деп эсептелет. Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук участогун иштетүү укугу 2013-жылы кытайлык Zhong Ji Mining Company ишканасына 20 жылга берилген. 2019-жылы кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700дөй жергиликтүүлөр анын ишин токтотууну талап кылып 5-августта нааразылык акциясына чыккан. Ошол күнү чыр чыгып, 47 кытай жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган. Эки күндөн кийин өкмөт компаниянын кендеги иши убактылуу токтогонун билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG