Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Акылбек Жапаров Орусиянын премьер-министри менен телефондон сүйлөштү


Михаил Мишустин жана Акылбек Жапаров.
Михаил Мишустин жана Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен телефондон сүйлөшүп, соода-экономикалык катыш, бирге ишке ашырып жаткан долбоорлорду талкуулашты. Бул тууралуу маалымат орус өкмөтүнүн сайтында жазылды.

Анда эки тарап 25-26-августта Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына даярдыктарды дагы талкуулашканы жазылган.

Азырынча Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы бул сүйлөшүү жөнүндө кабарлай элек.

2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. Уюмга мүчө болгону менен кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүүдө көйгөй жаралып келүүдө. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG