Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Каракалпакстан: акыйкатчы кыйноо тууралуу дооматты төгүндөдү


Аталган аймактын эгемен макамын өзгөртүүсүз калтырууну талап кылган нааразылык акциялары өткөн айдын башында болгон.
Аталган аймактын эгемен макамын өзгөртүүсүз калтырууну талап кылган нааразылык акциялары өткөн айдын башында болгон.

Өзбекстанда Акыйкатчы институту Каракалпакстандагы тоз-тополоңго байланыштуу кармалгандар тергөө маалында кыйноого кабылганы тууралуу дооматтарды төгүндөдү. Анда акыйкатчы кылмышка шек саналып кармалгандардын адвокаттары менен жолукканы, кыйноо тууралуу маалыматтар такталбаганы айтылат.

Буга чейин аталган аймактын борбору Нукустагы баш аламандыкта кармалгандардын жакындары менен жактоочулары алар кыйноого кабылганын айтып чыгышкан.

Өткөн айдын башында Нукуста жергиликтүү тургундар Конституциядан аталган жумурияттын эгемендиги тууралуу беренени алып салуу каралган сунушка каршы чыккан. Нааразылык акциялар күч менен басылганда кан төгүлгөн.

Өзбек бийлиги 18 киши (14 жөн-жай киши, 4 тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.

Көп өтпөй өзбек парламенти Каракалпакстандын макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Башкы прокуратура бир нече кылмыш иш козгогон.

Европа биримдиги, АКШ баштаган бир катар мамлекеттер, эл аралык укук коргоо уюмдары Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды ачык-айкын иликтөөгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG