Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Аскер институтунда каза болгон жоокердин сөөгү айылына жөнөтүлдү


Өткөн айдан бери ушуну менен кызмат өтөп жаткан төртүнчү аскер каза болду.
Өткөн айдан бери ушуну менен кызмат өтөп жаткан төртүнчү аскер каза болду.

Аскер институтутун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүрүп октон каза болгон Сыргак Сабырбековдун сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин Ысык-Көлгө, туулган айылына жөнөтүлдү. Анын бир тууганынын "Азаттыкка" билдиришинче, ок чекесине тийген.

Сабырбеков былтыр күзүндө Каракол шаардык аскер комиссариаты аркылуу армияга чакырылган.

Коргоо министрлиги Сабырбеков 18-августта кечинде күзөттө турганда куралы атылып кетип, алган жараатынан ошол жерде жан бергенин билдирген.

Бул фактыны учурда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирип жатат. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов "Азаттыкка" учкай комментарий берип, окуя иликтеп жатканын, бардык жагдайлар териштирилгенден кийин маалымат берилерин айтты.

Өткөн айдан бери ушуну менен кызмат өтөп жаткан төртүнчү аскер каза болду.

17-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ош шаарындагы 703-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер каза тапкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бир айдан кийин армиядагы мөөнөтү бүтүп үйүнө кайтканы жаткан бала жүрөк оорудан көз жумган. Бирок анын атасы уулунун саламаттыгы чың болгонун айтып жатат.

Кыргыз армиясы уруп-согуу, чоңсунуу жана адам өлүмү менен аяктаган окуялардан арыла элек.

Өткөн айда Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулук иликтенерин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG