Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Президенттик администрация мамлекеттик органдардын ишин баалайт


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттик администрациянын башчысы катары коллегия өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда мамлекеттик органдардын ишин баалоо ыкмасы сунушталды.

"Анын негизги принциби бирдиктүү жоопкерчилик саналат. Мындан ары тигил же бул иш-чараны аткарууга тартылган мамлекеттик органдар бирдей жоопкерчилик алат. Коллегияда алгач Айыл чарба жана Энергетика министрлигинин иши каралды. Анда берилген тапшырмалардын, белгиленген пландардын аткарылышы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, президенттин пдминистрациясынын укук бөлүмү аталган министрликтердеги ченемдик укуктук актыларды даярдоо иштерин баалады. Акылбек Жапаров жыл аягына чейин бардык министрлик, мекмелердин ишинин жыйынтыгы ушундай эле жол менен чыгарыларын, тийиштүү чечимдер кабыл алынарын белгиледи", деп жазылган маалыматта.

Бүгүн, 19-августтан тартып министрликтердин, мамлекеттик мекеме-органдардын жетекчилери социалдык тармактар аркылуу жума сайын кайсы бир маселелерге байланыштуу маалымат берип туруу өнөктүгү башталды.

Өткөн айда Министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында президент Садыр Жапаров "жалкоо кадрлардын арылуу" керектигин билдирген жана өкмөт өкүлдөрүн маал-маалы менен жер-жерлерди кыдырып жана соцтрамактар аркылуу коомчулукка маалымат берип турууну тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG