Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Кыргызстандан сыртка чыккан акча эки эсе көбөйдү


АКШнын валютасы – доллар жана Кыргызстандын валютасы – сом.

Быйыл тогуз айда Кыргызстанга чет өлкөдөн акча которуу жаңы рекорддук чекке жетти. Каражаттын көпчүлүгү мурдагыдай эле Орусиядан келип жатат. Сыртка чыгып кеткен акчанын суммасы да эки эсе өстү. Четке жеке которуулардын басымдуу бөлүгү орус жергесине кеткен.

Көрсөткүчтөр эмне үчүн мынчалык өстү? “Азаттыктын” атайын түшүндүрмөсүндө ушул суроого учкай жооп издедик.

Чет жактан Кыргызстанга акча которуу

Баяныбызда Улуттук банк келтирген тогуз айдын маалыматтарын пайдаланабыз. Анда алгач Кыргызстанга кирген акча тууралуу кеп кылалы.

Демек, жеке тараптар январь-сентябрь айларында Кыргызстанга 2,2 млрд. доллар которушту. Былтыр бул убакыттагы акча жөнөтүү 2 миллиарддай болчу.

Деги эле, быйылкы которуу соңку он жылдагы акча которуулардын ичинен эң чоң көрсөткүч болуп калды. Албетте, биз тиешелүү мөөнөттөгү көрсөткүчтөрдү гана салыштырып жатабыз.

Быйыл Кыргызстанга которулган акчанын көлөмүн өзүн айларга бөлүп карасак, жайдан бери сумма көбөйгөнү байкалат. Бирок бул чет жакта иштеген мигранттардын иши жүрүшүп, көп акча сала баштады дегенди түшүндүрбөйт. Эксперттер муну жөн гана Украинадагы согушка байланыштуу Орусиянын жарандары Кыргызстанга жер которгону менен байланыштырып жатышат.

Адатта Кыргызстанга которулган акчанын 95% Орусиядан жөнөтүлгөн каражаттар түзөт. Статистикада так ошол сумма өскөнү көрүнүп турат.

Орус жарандары биринчиден Бишкекте же, Ошто убактылуу жашоо үчүн өздөрүнө акча которушу мүмкүн. Экинчиден, Кыргызстанга рубль которуп, аны накталай долларга айлантып, анан башка өлкөгө чыгарып кетиши ыктымал. Себеби, Орусиядан сыртка доллар чыгарууга жыл башында чектөө коюлганы белгилүү.

Кыргызстандан чет жакка акча которуу

Эми Кыргызстандан чет жакка которулуп жаткан акчанын көлөмүнө келели.

Расмий сандарды карасак, жыл башынан бери өлкө аймагынан башка мамлекеттерге жөнөтүлгөн акча дээрлик 800 миллион долларга чукулдады. Былтыр болсо бул сумма 400 миллионго жеткен эмес. Сыртка которулган акча соңку он жыл ичинде 200-300 миллион доллардай эле болчу.

Кыргызстандан башка өлкөлөргө акча которуу өзгөчө акыркы айларда күчөгөн. Маселен, сентябрь айында эле 170 миллион доллар чыгарылып кеткен. Бир ай ичиндеги мындай көрсөткүч өлкө тарыхында болгон эмес. Мурда ай сайын 40-50 миллион доллар гана сыртка жөнөтүлүп турчу.

Чет жакка которулган акчанын көбөйүшү үч нерсе менен байланыштырылып жатат. Үчөө тең кайсы бир деңгээлде Орусия менен байланыштуу.

Биринчи себеп – валюталык кризис. Орусияда чет элдик валюталар тартыш болгон учурда айрым топтор Кыргызстанга рубль которуп, аны долларга айлантып кайра чыгарып кетиши ыктымал. Ал накталай эмес болгон чакта да баары бир сыртка которуу болуп саналат. Маселен, Орусияга тогуз айда 680 миллион доллардан ашык акча чыгып кеткен.

Экинчи себеп – орусиялык релоканттар. Алар мажбур жер которгон учурда активинин бир бөлүгүн Кыргызстанга которуп, кайра башка жакка чыгарып кеткен болушу мүмкүн. Адистер ошонун эсебинен сыртка көбүрөөк акча которулган дешет. Маселен, орусиялыктар көп эс алган Түркияга Кыргызстандан тогуз айда 80 миллион доллар жөнөтүлүптүр. А мурда 10 миллион жетчү эмес.

Үчүнчү себеп – реэкспорт. Батыштын санкцияларынан улам Орусияга көп товарларды ташууга тыюу салынган. Москва азыр андан буйтап, Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу товар алып келип жатат. Анын ичинде Кыргызстан үчүнчү өлкөлөрдөн импорттоп, Орусияга реэкспорт кылууга өттү. Кыргызстандан сыртка которулган акчанын ичинде так ошол товарлардын акысы да болушу ыктымал.

Албетте, өлкөгө кирген жана чыккан акчанын мында башка да түрлөрү бар. Маселен, банктардын капиталы, юридикалык жактардын акча которуусу жана түз инвестиция.

Биздин мисалда алар кошулган жок. Келтирилген сандар банктык эсеп ачпай, атайын системалар аркылуу акча которгон жеке адамдардын гана каражаты. Бирок ушул деле рыноктогу картинанын бир көрсөткүчү. (i)

Адистик тилде кирген жана чыккан каражаттардын айырмасын сальдо деп атап коюшат. Ал пайдалуу болсо “оң сальдо”, зыяндуу болсо “терс сальдо” деп бааланат.

Эгер Кыргызстанга жөнөтүлгөн жана чыгарылып кеткен акчаны салыштырсак, мында оң айырма чыгат. Башкача айтканда, көбүрөөк сумма алатоолуктардык чөнтөгүндө калып жатат.

Ошол эле учурда келген акчанын үчтөн бири чыгып кетип жатат. Бул чөнтөккө 22 сом салсаң, 7-8 сом кайра түшүп калгандай эле эмеспи?!

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG