Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Бюджеттеги тартыштык, кошумча чыгымдар


Финансы министрлиги. Иллюстрация сүрөт.
Финансы министрлиги. Иллюстрация сүрөт.

Жогорку Кеңеш 2022-жылдын тартыштыгы өсүп кеткен бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизди. Ошол эле маалда, 2023-жылдын республикалык бюджети жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Быйылкы жылдын бюджетинде 35 млрд. сомдук тартыштык кантип жаралды жана келерки жылдын бюджети кандай болот? Кирешеси жана чыгашасы кандай?

Сөз башында аяктап бараткан 2022-жылдын бюджети эмне үчүн өзгөртүлүп жатканы тууралуу кыскача айта кетели.

Аяктап бараткан жылдын бюджетинин кирешеси 282 млрд. сомдун ордуна 272 миллиард, ал эми чыгашасы 307 млрд. сом болору аныкталды. Ортодо 35 млрд. сомдон ашуун тартыштык жаралды.

Финансы министри Алмаз Бакетаев мындай ири тартыштыкты бажы төлөмдөрүнүн пландалгандан 24 млрд. сомго аз чогултулушу жана соңку геосаясий кырдаалга байланыштуу чыгымдардын көбөйүшү менен түшүндүрдү.

"Үстүбүздөгү жылы геосаясий окуялардан улам кирешелердин төмөндөшүнө жана чыгашалардын өсүшүнө байланыштуу тартыштык 35,4 млрд. сом деңгээлинде пландалууда. Бул сумма өткөн жылдарга салыштырмалуу чоң экенин баарыбыз билебиз. Август айында бажы кызматынын планын кайрадан карап чыгып, объективдүү жагынан планын азайтуу боюнча 24 млрд. сом деп болжол бергенбиз. Бирок сентябрь айында да кошумча чыгымдар болуп кетти".

35,4 млрд. сом тартыштыктын ичинен 14,2 млрд. сомго инвестициялык булактар бар, дагы 6,7 млрд. сом атайын эсептердин каражаттарынан каржыланат. Башкача айтканда, бул каражаттардын ордун кайсы бир жолдор менен толтурса болот.

Ал эми калган 14,5 млрд. сомду бюджетке тартыштык катары киргизип, Жогорку Кеңеш бекитип берди.

Эми 2023-жылдын бюджети кандай пландалууда, киреше менен чыгаша эмнелерден турат жана бюджеттик тартыштыктын көлөмү кандай болот? Ошого өтөлү.

2023-жылдын бюджети кандай болот?

Финансы министри Алмаз Бакетаев парламенттин жыйынында 2023-жылдын консолидацияланган же жалпы бюджети кандай болору тууралуу маалымат берди.

"Мамлекеттик башкаруу секторунун же консолидацияланган бюджеттин ресурстарына токтоло кетсем. 2023-жылга ресурстар 503,4 млрд. сом деңгээлинде болжолдонууда. Бюджеттин негизги үлүшүн салыктык жана салыктык эмес кирешелери ээлеп, бардык ресурстардын 66% түзөт. 2022-жылга салыштырмалуу мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин ресурстары 99,2 млрд. сомго өсөөрү пландалат. Мындан тышкары, Социалдык фонд менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кирешелери 56,4 млрд. сомду ээлейт, анын ичинде соцфонддун кирешеси 54,9 млрд. сом болот. Мындан тышкары, 2023-жылы активдер жана милдеттемелер 92,4 млрд сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 38,1 млрд сомго өсөт".

Бюджеттин кирешелери менен чыгашаларын чечмелөөнүн алдында соңку кездери көп колдонулган консолидацияланган бюджет тууралуу түшүнүк бере кетели.

Консолидацияланган (жалпы) бюджет деген эмне?

2021-жылдан бери мамлекеттик бюджет "консолидацияланган бюджет" же "жалпы бюджет" деп активдүү атала баштады. Ага республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет жана бюджеттен тышкаркы фонддор, тагыраагы Социалдык фонд менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары кирет. Өкмөт консолидацияланган бюджетти "мамлекеттик башкаруу секторунун бюджети" деп да атайт. Анткени Бюджет кодексине так ушинтип жазылган.

Өкмөттө расмий түрдө консолидацияланган бюджет терминин колдонуп, бекитүүгө жалпы бюджетти алып чыккандан бери каршы болуп, аны коомдун аң-сезимин манипуляциялоо аракети катары сыпаттагандар да бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөттүн чогулта турган бюджети иш жүзүндө башка сумманы түзөрүн айтат.

"Консолидацияланган бюджетти эмне үчүн киргизип атышканын түшүнүп атам. Жарандарга "мына, биз 400 млрд. сом чогултуп атабыз" деп айтыш керек да. Иш жүзүндө 321 млрд. сом чогултабыз деп план коюп атышат. Ошол эле кезде 21 млрд. сомду тартыштык катары көрсөтүп жатышат. 321 млрд. сомду алар кайдан табышат? Бул 2022-жыл менен салыштырганда 50 млрд. сомго көп болуп жатат".

Эми республикалык бюджеттин түзүмүн карап көрөлү. 2023-жылдын республикалык бюджетине кандай кирешелер кирген жана алар эмнеден турат? Мамлекет алдыда кандай чыгымдарды болжолдоп жатат?

Киреше менен чыгымдар эмнелерден турат?

Финансы министри Алмаз Бакетаев 2023-жылдын кирешелери 2022-жылдагыга караганда 14 пайызга өсөт деп билдирүүдө. Бул акчалай алганда 40 миллиард сомдон ашык каражатты түзөт.

"2023-жылга республикалык бюджеттин кирешелери 322,8 млрд. сом болот. Тагыраагы, 2022-жылдын бекитилген бюджетинин кирешелеринен 40,7 млрд сомго өсөт. Салыктык кирешелер 263,7 млрд. сомду түзөт же 2022-жылдын бекитилген бюджетинен 30,6 млрд. сомго көп (өсүү темпи 113,1%). Салык кызматынын салыктык кирешелери 169,1 млрд. сом же ИДПга карата 18,2% болот. Бажы кызматынын салыктык кирешелери 94,6 млрд. сомдун деңгээлинде болжолдонот. Салыктык эмес кирешелер 39,2 млрд. сом чогултулат, бул ИДПга карата 4,2%. 2023-жылы расмий трансферттерден түшүүлөр 19,8 млрд. сом болору болжолдонот".

Өкмөт салыктык кирешелер өсүп жатканын, бул жаатта көмүскө булактарды ачыктоо, кардиналдуу фискалдык реформалар өз жемишин жакшы берип жатканын жетишкендик катары көрсөтүүдө.

Бирок парламентте өкмөттүн мындай оптимисттик планына ишенбегендер чыгууда. Мисалы, депутат Султанбай Айжигитов бюджетти көбөйтүү максатын кууп, бизнеске ашкере басым кылуудан оолак болуп, өнүгүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл деген пикирин айтууда.

"Негизинен бюджетти көбөйтүү булагы – бул экономиканын өнүгүүсү да. Өнүгүү болмоюнча ишеничтүү бюджет көбөйткөн булак болбойт. Анын үстүнө азыр өнүгүү булактарын көбөйтпөй эле резервдерди таап, көмүскөдөн чыгарам дей берсе, анда бизнес менен карама-каршылыкка келет. Бүгүнкү күндө бизнестин нааразы болуп жатканы да ошондон да. "Эмне үчүн бизнес көмүскөгө качып атат?" деген суроого жообун таппай атышат. Бардыгы эле "төлөгүсү келбей качып жатат" деп ойлойт. Жок, эгер көмүскөгө кирбесе же көмүскөдөн чыга турган болсо көп бизнестер банкрот болот. Ошондуктан көмүскөгө качат. Ошол жагына көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Албетте, администрлөөнү дагы жакшыртыш керек. Бирок, негизинен өнүгүү болушу кажет. Анан, бизнес үчүн өнүгүүгө, көмүскөдө иштебегенге, ал жакка качпаганга шарт түзүш керек. Алар үчүн көмүскөдөн чыгып иштеген пайдалуу болууга тийиш".

Өкмөт өкүлдөрү кийинки жылда чыгашалар быйылкыга караганда 18 пайызга көп болорун билдирүүдө. Анын басымдуу бөлүгү айлык-акыларды төлөөгө, социалдык блокко жумшалмакчы. Айтмакчы, 2022-жылы өкмөт мугалим, мамлекеттик кызматкерлердин маянасын, жөлөкпулдар менен пенсияны көбөйткөн эле.

Финансы министри Алмаз Бакетаев бюджеттин чыгымдарын төмөнкүчө тизмектеди.

"2023-жылга чыгымдар 344 млрд. сомду түзөт. 2023-жылы капиталдык чыгымдар 53,6 млрд. сомду түзүп, 2022-жылдын бекитилген бюджетинен 7,4 млрд. сомго көбөйөт. Социалдык маанилүү чыгымдар боюнча, баарыбызга белгилүү болгондой 1-апрелден, июндан, 1-августтан, 1-октябрдан пенсиялар жана күч түзүмдөрүнүн маяналарын көтөрүү боюнча карап бергенбиз. Бул чыгымдардын баары республикалык бюджеттен болжол менен 39 млрд. сомду талап кылат. Атайын эсептеги каражаттарды эсепке албастан, эмгек акы төлөө фондуна 2023-жылы 111,9 млрд. сом каралган. Социалды фондго трансферттерге 2023-жылы 41,3 млрд. сом пландалууда. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 21,9 млрд. сом, социалдык жөлөк пулдардын чыгымдарына 17,5 млрд. сом пландалууда. Жалпысынан социалдык секторго 162,8 млрд. сом каралууда".

Мындан тышкары, 2023-жылы энерготармакка 10,8 млрд. сом, мамлекеттик банктардын уставдык капиталын көбөйтүүгө 3 млрд. сом, ипотекалык насыялоо менен туристтик тармакты өнүктүрүүгө бир миллиарддан жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 816,7 млн. сом жумшалары болжолдонот.

Депутат Айжигитов мамлекеттик бюджетти иштетүүдө стратегиялык программа түзүлүп, экономиканы өнүктүрүүчү артыкчылыктуу багыттарга маани берилбей жатканына токтолду.

"Приоритеттер туура болуш үчүн узак мөөнөттөгү кандайдыр бир өнүгүү программасы болуш керек. Ошондо анан приоритеттүү багыттар пайда болот. Анан, ошол приоритеттүү багыттын ичинде приоритеттүү объекттер пайда болот. А бизде андай эмес, дароо эле объектти алат. Волюнтаристтик чечимдер мунун бардыгы. Эки-үч киши отуруп алып "о, мына бул объектти курсак сонун болот" деп, ошону приоритет кылып ала берет. Кайсы мотив менен, эмне себептен приоритет болуп атат, ал объект ишке кире турган болсо кандай кайтарым болот, кантип ал таасир кылып өнүктүрөт – эч кандай эсеп-чоттор жок. Жөн эле волюнтаристтик чечимдер".

Бюджеттин тартыштыгы деген эмне, ал кооптуубу?

2023-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 21,3 млрд сомду же ИДПга карата 2,3% түзөт. Бул мурдагы жылдарга караганда жогорураак көрсөткүч деп айтсак болот. Бирок өкмөт муну коркунуч катары карабай, тартыштыкты жабуу булактары бар деп ишендирүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев тартыштыкты жабуунун тартибин мындай түшүндүрдү:

"Тартыштык деген эл аралык жана биздин эсептер боюнча ресурстар кирешеге кирбейт. Чет өлкөдөн алган акча каражаты кирешеге кирбейт, тартыштыкты жоюш үчүн баланстын ары жагында турат. Ошон үчүн тартыштык деген сөздөн коркпош керек. Тартыштык көп же аз болуп кетет, бирок анын жабуу булактары бар дегенди билдирет. Эгерде тартыштыкты жабуу булактары жок болсо, андай бюджет түзүлбөйт. Анткени акчабыз жок болсо, чыгаша кыла албайбыз. Биз же баалуу кагаздарды чыгарабыз же жылдын башында дайыма калдыктар калат, ошол калдыктарды кайра бир жерге жумшаганда чыгашага кирет, а кирешеге жабуу булактары болуп гана эсептелет. Ошондуктан, тартыштык деген сөздөн коркпош керек".

2022-жылдын 31-июлуна карата мамлекеттик карыз 5 млрд. 213 млн. доллар болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын тышкы жана ички карыздарды төлөөдө кыйынчылыктар болбойт, баары өз тартиби менен аткарылат деп ишендирип келет.

XS
SM
MD
LG