Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Депутаттын төрт түлүк малга салык киргизүү сунушу


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Жогорку Кеңеште мал-жандыкка салык киргизүү сунушу көтөрүлдү. Демилгечи муну менен дотацияда отурган 400гө чукул айыл аймактын бюджетиндеги каржылык жетишпестиктер толтурулуп, социалдык муктаждыктарды жоюуга болорун айтууда. Бирок буга айрым фермерлер каршы пикирин билдирип жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев 3-ноябрдагы жыйында жылкыга, бодо малга жана койго салык киргизүүнү сунуштады.


"Азыр орточо эсеп менен жылкынын баасы 70 миңден 100 миңге чейин. Бодо малдын баасы 60-80 миңге чейин, койдун баасы болсо 12 миңден 17-18 миңге чейин. Эгер салык киргизе турган болсок, койго жылына 100 сомдон, ири мүйүздүү малга, жылкыга жылына 200-250 сомдон салык салсак, бир жылда айыл өкмөттөргө 1,5 миллиард сом акча түшөт. Ошондо айыл өкмөттөр борборду, өкмөттү карап, кол куушуруп отурбайт".

Депутаттын айтымында, 40-50 койу, 5 уйу, 5 жылкысы бар жарандарга бул салык жайылтылбайт. Алар мурдагыдай эле жайыт акысын төлөй беришет.

Токторбаев эгер бул демилге элден колдоо тапса, жер жана мал-жандыктарынын салыгынан айыл өкмөттүн бюджетине көбүрөөк каражат түшүп, ошол айыл өкмөттөгү дыйкандарды колдоого, жерди азыктандырууга, мектептерди, бала бакчаларды, жолдорду курууга, суу чыгарууга, айыл өкмөттөрүн жарыктандырууга жумшалып, айылдагы элдин жашоо турмушунун мындан дагы өйдөлөшүнө шарт түзмөгүн айтып жатат.

Депутаттын сунушу кызуу талкууга жем таштады. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун тургуну Туратбек Молдоев мал башына эмес, жайыт үчүн төлөгөн жетиштүү болмок деген пикирде.

“Малдын түйшүгү көп. Жайкысын алыскы жайыттарга жиберүүгө вакцианасын алып, белги коюп, алып барганга киши жалдап, жайытта карай турган чабанга малдын башына 100 сомдон 550 сомго чейин төлөп кошуп беребиз. Эгер малың ылаңдап же кырсыктап өлүп калса, чабан жооп бербейт. Анан кайра тоютун даярдайм деп талаада жүрмөй. Быйыл өзүм чаап алган 500 түк чөптөн сырткары дагы 500 түк сатып алдым, ал 60 кой, онго жакын уй, онго жакын жылкыга жетет. Анан жазында жайытка деп салык төлөйбүз, бир малдын башына 20 сомдон 300 сомго чейин жайыт комитетине төлөм бар. Эгер асыл тукум мал болгондо чыгымдарым акталып калмак беле, билбейм. Бирок азыркы тапта малдын кирешеси көп эмес. Чыгашаңды эсептей келгенде колуңда калган акчаң өтө аз”.

Фермердин айтымында, азыр Ысык-Көлдүн мал базарында бодо малдын орточо баасы 80 миң сомдон жогору, жылкы 90 миң, ал эми кой баласы 10-12 миң сомдон бааланып жатат.

Коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев депутаттын киргизип жаткан сунушун колдош керек деп эсептейт.

“Эртеби же кечпи биз салык төлөөгө келебиз. Союз учурунда деле малга деп болор-болбос тыйын төлөнүп келген. Азыр сунушталып жаткан салыктын эсебинен дотацияда турган 350гө чукул айыл аймактын иши жакшырмак. Ар бир малдын башына салык төлөө менен фермер жоопкерчиликке үйрөнөт. Ал кирешеси кыйратпаган малдын санын азайтып, сапатка өтө баштайт да, ишин жөндөп, чыгашасын кылдаттык менен эсептеп калат. Мындай учурда жайыт маселеси да чечилиши мүмкүн. Азыр биз алыскы жайлоолордо да мал көп болуп жатканын, жайыт жерлер деградация болуп кеткенин айтып коңгуроо кагып атпайбызы. Мына ушу маселелер токтоп, айыл чарбасы мындан да кирешелүү тармакка айланышы мүмкүн. Бирок, депутат айтып жаткан сумманы төлөө оор болуп калбаш үчүн азайтуу керек. Сапаты жакшырган малды экспорттоого да жол ачылышы ыктымал”.

Айыл чарбасы боюнча адис Манас Саматов малга салыктын ордуна жер салыгын калыбына келтирүү жана суммасын көтөрүү туура болмок деген пикирде.

Кыргызстанда 2021-жылдын 6-декабрында дыйкандарды жер салыгынан бошотуу жөнүндө президент Жапаровдун жарлыгы чыккан. Бул жарлыкка ылайык, айыл чарба багытындагы жерлерден үч жыл салык алынбайт.

“Сен фермерсиңби, ашпозчусуңбу, же айдоочусуңбу баарыбир салык төлөөгө милдеттүүсүң. Болбосо өлкөдөгү, анын ичинде айыл өкмөттөрдөгү социалдык жүктү ким көтөрөт? Азыркы тапта жердин баары жеке колдо турат, ар бир үй-бүлөнүн үлүш жеринин өлчөмү так, дал ушул туруктуу көрсөткүч элден салык жыйноонун негизги критерийи катары кызмат кылышы керек эле. Былтыркы жылга чейин иштеп келген Жер салыгы тууралуу мыйзамды калтырып, тескерисинче, ошол салыктын көлөмүн 20 эсеге чейин деле көтөрүп койсо туура болмок. Ошондо колунда менчик тууралуу документи турган фермер салыкты туура жана так төлөп турмак, салык кызматкери да керек суммадан ашык же кем ала албайт болчу. Ансыз да рентабелдүүлүгү төмөн айыл чарбасында жер салыгынан башка салыктарды алып салып, жеңилдик берүү зарыл. Бирок бизде жер салыгын алган популисттик чечимден кийин азыр эми малга салык деп чыкканы экспорт жөнгө салынбаган учурда уят иш. 453 айыл аймактын 80% дотацияда отурат деп, анан нааразы болгонубуз туура эмес. Салык салуунун арифметикасын жеңилдетип, дыйкандарга, фермерлерге ылайыктоо зарыл. 170-350 сомдук жер салыгын көтөрүп, калган салыктарды алып алса туура болмок”.


Кыргызстанда 40 район, 31 шаар, 453 айыл аймагы бар. Алардын 80% дотацияда, республикалык бюджеттен каржыланат.

Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,5 миллион бодо мал катталган. Кой-эчкинин саны 6 миллионго жеткен, жылкынын саны 467 миң. Мал негизинен Кыргызстандан Өзбекстан, Тажикстан, Кытай жана Казакстанга экспорттолот. Өлкөнүн ички дүң өнүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 15% жакын.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG