Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:50

Митингге чыккан соодагерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Салык кызматынын өкүлдөрү Бишкектеги “Дордой-Дыйкан” базарында нааразылык билдирип чыккан соодагерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу 9-январда “Азаттыкка” Салык кызматынын расмий өкүлү Эркин Сазыков билдирди:

“Нааразылык болуп жатат, бирок азыр ал базарга жергиликтүү салык кызматынын жетекчилери барып, электрондук-товардык жүгүртүүнү эмне үчүн жана кантип колдонуу керектигин түшүндүрүп жатышат. Эң негизгиси – ачыктык жана айкындуулук болсун деп жатабыз. Себеби көп ишкерлер 1-2 миң сомго патент сатып алып коюп, 30-40 миллион сомго товар сатып, өкмөттү алдап келишкен. Аны биз далилдей албай калган учурлар бар. Эми электрондук-товардык жүгүртүү болгондо ишкерге товар келгенде биздин базага автоматтык түрдө маалымат түшөт. Бардык салык төлөөчүлөр бирдей төлөшү керек. Мүмкүн салык төлөөчүлөр үчүн айрым көйгөйлөрдү жаратышы ыктымал, бирок 1-2 айда көнүп, ушул система менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат.”

Базарда иштегендер салык кызматынын көзөмөлү ашкере күчөгөнүн, электрондук каттоо талабы коюлуп жатканын, мунун айынан товарлардын баасы жогорулай турганын айтып, 9-январда базардын алдына митингге чыгышкан.

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук (ЭТТН) түрү болушу шарт, азыр кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келе жатат. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт.

Бүгүнкү күнгө карата 15 миңдей ишкер бул системага катталып, 20 миңден ашуун “виртуалдык кампа” ачылды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG