Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:43

Өзбекстан: Жөтөлдүн дарысынан кийин дагы бир бала чарчап калганы аныкталды


Өзбекстанда жөтөлгө каршы «Док-1 Макс» дарысын ичкен дагы бир бала чарчап калганы тууралуу маалыматты Наманган облусунун Саламаттык сактоо башкармалыгы окуядан 18 күн өткөндөн кийин расмий тастыктады.

Үч жашар наристенин өлүмү тууралуу алгач 7-январда Kompromatuzb Телеграм каналы жазып чыкты. Ошол эле күнү облустук башкармалык пневмония болгон наристе ооруканага оор абалда 15-декабрда түшкөнүн, 21-декабрда чарчап калганын маалымдады.

Баланы «Док-1 Макс» дарысы менен үйдөн дарылашканын дарыгерлерге апасы айтып берген.

Ошентип, Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясынын бул дарысын ичкенден кийин чарчап калган балдардын саны 20га жетти. Алардын 18и ар кайсы облустардан Самарканд балдар борборунда дарыланып жаткандар.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы териштирүү жүргүзүп, «Док-1 Макс» жана «Амбронол» дарыларын өлкөгө Quramax Medikal компаниясы ташып барганын, алар тийиштүү текшерүүдөн өтпөгөнүн, курамында этиленгликоль заты бар экенин аныктаган.

Декабрдын соңунда өзбек бийлиги бул дарыны сатууга тыюу салган. Ушундай эле чечим Кыргызстанда да кабыл алынган.

Өзбекстанда балдардын өлүмү үчүн төрт адам камакка алынды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG