Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Швеция Түркиянын НАТО боюнча талаптарынын баарын аткара албасын билдирди


Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон (солдо) жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон (солдо) жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Швеция НАТО боюнча арызына байланыштуу Түркия коюп жаткан бардык шарттарды аткарууга даяр эмес экенин өлкөнүн премьер-министри Ульф Кристерссон билдирди. Швециянын НАТОнун курамына кабыл алуу өтүнүчүн канааттандыруу үчүн түрк бийлиги койгон шарттар тууралуу айтып жатып, ал Түркия акыры макулдугун берерине үмүттөнөрүн белгиледи.

«Түркия биз макул болгон шарттарды аткарганыбызды тастыктоодо, бирок биз аткара албай турган же аткаргыбыз келбеген да нерселер бар экенин айтууда», - деген Кристерссондун сөзүн Reuters агенттиги жазып чыкты. Бирок ал кайсы талаптар тууралуу сөз болуп жатканын тактаган эмес.

Ондогон жылдардан бери нейтралитет макамын карманып келген Швеция жана анын коңшусу Финляндия НАТОнун курамына кирүүгө арызын Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй, 2022-жылдын май айында берген.

Арызды канааттандыруу үчүн протоколду НАТОнун бардык мүчөлөрү – 30 өлкө ратификациялашы зарыл. Азырынча макулдугун 28 өлкө берди. Венгрия жакынкы арада ратификациялайт деп болжолдонууда.

Түркия бийлиги Швеция менен Финляндияга айрым шарттарды койгон. Алардын арасында бир катар күрд уюмдарын террордук бирикме деп жарыялоо, Анкарага курал-жарак сатууну тыйган чечимди жокко чыгаруу, Түркияда терроризм үчүн айыпталып, Швецияда жана Финляндияда баш калкалап жүргөн айрым күрд жана оппозициялык ишмерлерди түрк бийлигине өткөрүп берүү деген талаптар бар.

Былтыр июнь айынын соңунда НАТОнун Испаниянын борбору Мадрид шаарында өткөн саммитинде үч өлкө биргелешкен меморандумга кол коюшкан. Анда Швеция менен Финляндия бир катар милдеттенмелерди алышкан, ал эми Түркия алардын уюмга кирүүсүнө тоскоолдук жаратпай турганын билдирген.

Былтыр жыл соңунда Швециянын Жогорку соту Анкара Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптап жаткан түркиялык журналистти экстрадициялоо тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан. Түрк бийлиги бул чечимге нааразылыгын билдирген.

Швециянын премьер-министринин соңку билдирүүсүнө Түркия азырынча комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG