Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:55

Кытай "Эркечтам" аркылуу жарандардын өтүшүнө үч жылдан кийин уруксат берди


"Эркечтам" өткөрмө бекети

Кытай кыргызстандык жарандардын "Эркечтам" өткөрмө бекети аркылуу өтүшүнө үч жылдан кийин уруксат берди. Бул тууралуу 9-январда Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Аталган бекет 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу толук жабылып, кийин машине өткөрүү үчүн гана ачылган.

Мекеменин маалыматына караганда, Кытайга кирүүнү каалаган жарандар виза алышы керек. Жарандарга ал мамлекеттин чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринен саламаттык тууралуу атайын QR-код алуу талабы жокко чыгарылды.

Чек арада 48 саат ичинде тапшырылган ПЧР-тесттин жыйынтыгы талап кылынат. Учак аркылуу баргандар Кытайга жеткенге чейин беткап кийиши шарт. Өлкөгө киргенде тапшырылчу милдеттүү ПЧР-тест жана обсервацияга алуу талабы жоюлду.

Бардык жүргүнчүлөр бажы декларациясын толтурууда саламаттыгы боюнча тесттин жыйынтыгын көрсөтүүгө милдеттүү. Ден соолугу начар же ысытманын белгиси барлар бажыда антигенге тест тапшырат. Текшерүүдө оң жыйынтык чыгып калса, айыкканга чейин үйдө же ооруканада дарылануу сунушталат.

Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрмө бекети аркылуу азыр Кытайдан Кыргызстанга жүк ташыган автоунаалар гана өткөрүлүп жатат. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG