Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Өкмөттүн жылдык отчету: салык, айлык жана тышкы карыз


Министрлер кабинетинин жыйыны. 28-декабрь, 2022-жыл.

Аткаруу бийлиги өлкөнүн 2022-жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча жыйынтыктоочу жыйын өткөрдү. Министрлер кабинети быйыл консолидацияланган бюджетти 400 млрд. сомдон ашык көрсөткүч менен жаба турганын билдирүүдө.

Президент төрагалык кылган өкмөттүн отурумунда мындан тышкары “Камбар-Ата-1” ГЭСи жана “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу" долбоорлору башталганы айтылып, министрликтердин ишине баа берилди.

Экономикалык көрсөткүчтөр

Адатта президенттер жыл соңунда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында басма сөз жыйынын уюштуруп журналисттердин суроолоруна жооп берчү. Быйыл президент Садыр Жапаров пресс-жыйын уюштурган жок. Ал 28-декабрда Министрлер кабинетинин отурумун өткөрүп, жылдын жыйынтыгын чыгарды.

Анын сөзүнө караганда, 2022-жылдын январь - ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызтанда ички дүң өнүм (ИДӨ) 781,4 млрд. сомду түзүп, 7% өсүү болду. Жыл аягына чейин консолидацияланган бюджет 400 млрд. сомдон ашса, кийинки жылы 500 млрд. сомдон жогору болот деген план коюлган.

“Өлкө казынасынын көлөмүнүн көбөйүшүнүн негизинде 2020-жылдын октябрынан тартып бүгүнкү күнгө чейин республикалык бюджеттин эсебинен гана эки жүздөй социалдык объектинин курулуштары, оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү. 2022-жылы мамлекеттик инвестициялык каражаттын өздөштүрүлүшү 32,2 млрд. сомду, же алгач бекитилген бюджеттин 90,3%, такталган бюджетке салыштырмалуу 95,7% түздү. Бул көрсөткүч акыркы сегиз жылдагы мамлекеттик инвестициялардын аткарылышындагы эң жогорку көрсөткүчү катары катталууда. Өткөн жылдарга салыштырсак, 2013-2021-жылдарда мамлекеттик инвестициялардын өздөштүрүлүшү орто эсеп менен бекитилген бюджеттин 68% гана түзчү”.

Министрлер кабинетинин жыйыны. 28-декабрь, 2022-жыл.
Министрлер кабинетинин жыйыны. 28-декабрь, 2022-жыл.

Президент Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин айлыгынын алды 100 миң сомго чейин жетип жатканын, мунун баары бюджеттен каржыланганын айтты.

“Эмгек акылар боюнча. 2022-жылдын январь-октябрь айларында орточо айлык эмгек акысынын өсүү темпинин өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды. Мисалы, искусство жана эс алуу тармагында 65,7%, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө тармагында 52,2%, билим берүү тармагында 43,5%, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, милдеттүү социалдык камсыздоо 28,1%, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик тармагында 25,9%, пайдалуу кендерди казуу тармагында 23,7%, мейманканалар жана ресторандардын ишмердиги 22,7%, ошондой эле курулуш чөйрөлөрүндө 21,1% жогорулоо байкалды”.

Мамлекеттик карызды төлөө үчүн 39 млрд. 500 млн. сом бөлүнүп анын 26 млрд. 700 млн. сому тышкы карызга кеткен.

2023-жылы өлкөнүн карызын төлөөгө 48 млрд. 600 млн. сом талап кылынса, 2025-жылы бул сумма 75 млрд. 100 млн. сомго чейин чыгат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин аткарууга, карызды төлөөгө салыктан чогултулган акча жардам болгонун айтты.

“Акыркы 10 жылдын ичинде бир жылда салыктан эң көп дегенде 70 млрд. сом чогулчу. Быйыл биз жылдын аягына чейин 155 млрд. сом чогултабыз. Ушундай эле жакшы көрсөткүчтөрдү Бажы кызматы, Социалдык фонд да көрсөттү. Биз саясий эрк менен “крышалардын” баарын жоюп, фискалдык саясатты жакшыртып акчаны түшүрө баштадык. Биз эч кандай салыктын жаңы түрүн киргизген жокпуз. Биз салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун негизинде салык, бюджет саясатын туура жүргүзүп ийгиликтерге жетиштик”.

Ошол эле кезде ар кандай статистикалык маалыматтар Кыргызстанда жакырлардын саны жыл сайын 7-8% көбөйүп баратканын көрсөтүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө бүгүнкү күндө 2,5 миллиондой адам жакырчылыкта күн кечирип жатат.

Бийлик быйыл “Камбар-Ата-1” ГЭСи жана “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу" долбоорлору башталганын, Кумтөр алтын кени толугу менен Кыргызстанга өтүп маселеге чекит коюлганын белгиледи.

Кемпир-Абад иши

Андан тышкары коңшу өлкөлөр менен чек араны тактоо иштери тууралуу да сөз болду. Акылбек Жапаров анын ичинде Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын маселени да токтолду.

“2022-жыл Өзбекстан менен чек ара сызыгын толук бүтүргөн жыл катары да тарыхка кирет. Трагедия жаратканга аракет кылган үчүнчү тараптар болду. Суу сактагыч бийликке келүү аракетинде үчүнчү тарапка өлкөдөгү абалды козгоого, будуң-чаң кылууга табылбаган жүйө болду”.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Шаардык сотто Биринчи Май райондук сотунун аларды кийинки жылдын 20-февралына чейин камакта кармоо тууралуу чечимдери каралып, күчүндө калтырылды. Алар муну саясий куугунтук деп баалайт. Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков 26-декабрда соттук отурумда буларды айткан.

Равшан Жээнбеков соттук отурумда.
Равшан Жээнбеков соттук отурумда.

“Камактагылар менен бийликтин күчү бирдей эмес. Бийликтин колунда жүз курал болсо бизде бир эле курал бар – ал биздин сөзүбүз. Түрмөдө жана сырттагы оппозициянын мындан башка эч нерсеси жок. Ошондуктан 20га жакын адам Кыргызстанда демократия, сөз эркиндиги болсун, жакшы мамлекет куралы деп ачкачылык кармадык. Мамлекетте демократиянын негизги көрсөткүчү – бул сот бийлиги. Эгерде өлкөдө сот эгемен болсо президент, премьер-министр, оппозиция мыйзамсыз иш кылса сот аны калыс карап чечип берет. Кыргызстандын тарыхында бир да бийлик, режим, бир да сот 70 жаштагы апаны, үч баласы бар энени камаган эмес. “70 жаштагы апа мамлекетте төңкөрүш кылам деген” деп айып коюп камалып жатышы бийлик үчүн уят. Кимде-ким демократия, эркиндик үчүн күрөшө турган болсо ошол адам Кыргызстанды курат. Адилеттүү соту жок улут эч качан улут боло албайт”.

Министрликтерге баа

2022-жылы аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда тогуз мекеме мыкты деп табылганы айтылды. Акылбек Жапаров 2022-жылга 650 иш-чара каралганын айтып, анын аткарылышы боюнча “мыкты” деп саналган мекемелерди тизмектеди:

  • Мамлекеттик салык кызматы;
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
  • Ички иштер министрлиги;
  • Коргоо министрлиги;
  • Тышкы иштер министрлиги;
  • Юстиция министрлиги;
  • Улуттук статистика комитети;
  • Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги;
  • Социалдык фонду.

19 мамлекеттик органдын иши “жакшы” деп табылган.

Ал эми Энергетика министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба агенттигине “канааттандырарлык”, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмө министрлигине “төмөн” деген баа берилген.

Жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык, өкмөт Министрлер кабинети болуп өзгөртүлгөн. 2021-жылы октябрда Акылбек Жапаров баштаган өкмөттүн курамы ишке киришкен. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын төрт орун басары жана 15 министрлик кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG