Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

"Тапканым нандан ашпайт". Жакырларды көбөйткөн жагдайлар


Бишкектеги базарлардын бири.

Ар кандай статистикалык маалыматтар Кыргызстанда жакырлардын саны жыл сайын 7-8% өсүп баратканын көрсөтүүдө. Өкмөт жана эл аралык уюмдар жакырчылыктын кучак жайып жатышына дүйнөдөгү согуштук кырдаалдар менен экономикалык каатчылык себеп экенин белгилешет.

Кыргызстанда 2022-жылдагы жакырчылык көрсөткүчү тууралуу расмий маалымат азырынча чыга элек. Тармактык мекемелерден билдиргендей, мындай маалымат кийинки жылдын ортолоруна гана барып чыгарылат.

Андыктан, жакырчылык боюнча өкмөттүн 2021-жылдагы статистикасына гана таяна алабыз. Мындан тышкары, расмий кызмат адамдарынын болжолдуу маалыматтары да бар.

Жакырчылык канчага өстү?

Улуттук статистика комитетинин расмий эсептөөлөрү боюнча, 2021-жылы Кыргызстандагы жакырлардын саны 2 млн. 244 миң киши деп эсептелген. Бул сан Кыргызстандын калкынын 33,3% түзүп турган. Анын ичинен, 407 миң адам же калктын 6% өтө жакыр жашайт. Мындан тышкары, дагы 500 миңге чукул же 10% калк жакырчылык чегине жакын жашайт деп эсептелет.

Ал эми 2022-жыл боюнча айтсак, Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев 21-ноябрда парламентте Кыргызстанда 2 млн. 400 миң адам жакырчылыкта күн кечирип жатканын билдирген.

Бул эми так эмес, болжолдуу сан дейли. Жумалиевдин мындай маалыматынан улам, арифметикалык эсептөөлөр 2022-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда дагы 160 миңге чукул адам жакырлардын катарын толуктаганын же жакырчылык былтыркы жылга караганда дээрлик 7% пунктка өскөнүн көрсөтүүдө.

Жакырды желкелеген куу турмуш

Чоң-Алай районунун тургуну Тамара Бадирова – жалгыз бой эне, беш баласын 10 жылдан бери жалгыз өзү багып келет. Учурда Бишкек шаарында батирде турат. Ал буга чейин өп-чап турмушу кымбатчылык күчөгөндө ого бетер оорлогонун айтты.

"Он жылды басып өтүш бизге аябай эле кыйын болду. Үнөмдөп жашаганда эле жеген-ичкенибизге ай сайын 35 миң сомдой кетчү. Этти анда-санда жечүбүз. Балдарыма кийим алып бере алчу эмесмин. Коңшулар каралашып калчу эски-ускусун берип. Азыр аябай эле кыйналып жатабыз. Базарга миң сом менен барсаң, мурдагы жүз сомдун товарын алгандай болосуң. Эчтеке ала албайсың. Азыркы убакта аябай кыйналып калдык. Байпак сатып, талаада иштеп акча тапчумун. Бир жыл болуп калды улуу балам окуусун таштап, иштеп атат. Андан кийинки уулум он жети жашта, №4 кесиптик лицейде 3- курста окуйт. Окуудан кийин жүк ташуучу болуп иштейт. Намысты жыйыштырып, элден-журттан, көбүнчө тууган-уруктан жардам сурайм. Бири картошкамды, башкасы пиязымды алып келип берет. Жакындан бери аябай эле кыйналдык. Этти айтпай эле коёюн, жөнөкөй эле май, картошка, пияз, макарон кымбаттап кетпедиби".

Кыргызстанда жакырчылык Керектөө наркынын индекси деп аталган методология менен ченелет. Ага ылайык, 2022-жылы кирешеси киши башына жылына 45 800 сом же андан аз үй-бүлө жакырчылыкта, ал эми 30 536 сом же андан аз болсо өтө жакырчылыкта жашайт деп эсептелген.

Бул суммаларды айына бөлө келгенде Кыргызстанда жакыр деген адам айына 3817 сом, ал эми өтө жакыр адам 2545 сомго жашайт дегенди билдирет.

Буга чейин айтып өткөндөй, жакырчылык боюнча 2022-жылдагы жагдайды так көрсөткөн расмий маалымат жок. Азыр өткөн 2021-жылы жакырчылык кандай темп менен өскөнүн бир аз чечмелей кетели.

2021-жылы Кыргызстанда жакырлардын саны кескин өсүп кеткен. 2020-жылы жакырчылыкта жашагандардын саны 1 млн. 651 миң киши же 25,3% болсо, 2021-жылдын аягына карай алардын саны 2 млн. 244 миң кишиге же 33,3% жеткен.

Ал эми өтө жакырлардын көрсөткүчү 2020-жылы 59 миң киши же 0,9% болсо, 2021-жылдын аягында алар 407 миң кишиден ашкан же туура 6% түзүп калган. Тагыраагы бир жыл ичинде эле 600 миңге жакын адам жакырлардын, дээрлик 350 миң киши өтө жакырлардын катарын толуктаган.

Тамара Бадирова үй-бүлөсүнүн кем-карчсыз жашоосу үчүн күрөштө мамлекет аны ары-бери калчаганын айтып берүүдө.

"Анан, балдарымды алимент алам. Алиментке тапкан кирешесинин 50% берилет деп бөлүп берген. Эки ай беш миң сомдон алдым, андан кийин 2,5 миң, 1,5 миңге түшүп кетти. Анан жөлөк пулга чыгардым. Кечээ жакында дагы Чоң-Алайга бардым. Эки кызымды жөлөк пулга чыгарып, анан жөлөк пул алгандарга 100 миң сомдон берип жатат го. Азыр кыдырып байпак сатам да, бир жерде отуруп эле сатсам, соода ишин кылсам кичине пайда болот беле деп ойлогом. Анан, ал жактан болбойт, шаардан эле тапшыр деп коюшту. Ошону менен койчу дедим, ар эшикке барып кагуу жеп эле жүрбөй, талаада иштейли деп балдарым менен талаада иштеп жүрдүм. Ушинтип эле жан багып атабыз. Негизи мамлекетке эч кандай зыяныбызды дагы тийгизбедик, алардын пайдасын дагы көрбөдүк".

Ал өзүнө окшогон оор шартта, жакырчылыкта, батирлеп жашагандар көп экенин, мамлекет алар үчүн ипотекага үй куруп колдоого алса деп кыялданарын кошумчалады.

Расмий статистикага караганда, Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли боюнча Жалал-Абад облусу алдыда турат. 2021-жылы облус калкынын 43,2% жакырчылыкта жашайт деп аныкталган. Ал эми өтө жакырлардын саны Баткен облусунда катталган.

42 жаштагы Кундуз Шарипова он беш жыл мурда Сузак районуна Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыз. Учурда эки баласы бар, жакыр үй-бүлө катары каттоодо турат. Ал кирешеси өтө аз болгондуктан, ары-бери тартып тириликке жеткире албай убара чегип жатканын айтууда.

"Эки бөлмө үйүм бар. Шыбалган эмес, бүткөн деле эмес. Тышынан от жагабыз, ичи жылыбайт. Балдарым катуу үшүгөндө электр мешин жагып, буттарын ысытып-ысытып алып, кайра ойноп кете беришет. Акча болуп калса, жолдошум эки кап көмүр алып келип коёт, аны деле жагып бүттүк. Кечээги суукта балдарым өтө катуу үшүдү. Балдарым менен ишке деле албайт. Балдарымды киргизейин деп бала бакчага деле бардым, акимчиликке деле бардым. Айыл өкмөткө эки жылдан бери барабыз, жооп жок. Кечээ барсак "жаңы жылдан кийин сүйлөшүп беребиз, акчасын төлөйсүң" дейт. "Өзүм чыгып иштесем, төлөйм" дедим. Жөлөк пул тууралуу да өтө кыйналдым. Мен билбейт экенмин, мен барганча эле мөөнөтүнөн өтүп кетти деп бир айлыгын кесип салышат".

Өкмөттүн аракеттери жана аны "жеген" факторлор

26-августта балдардын абалы жана аларга карата зордук-зомбулукту токтотуу маселесине байланыштуу кайрылуусунда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов учурда Кыргызстанда 110 миң жакыр үй-бүлөдө 550 миңден ашуун бала жашап жатканын айткан.

"Ушу тапта 110 миң жакыр үй-бүлөдө 550 миңден ашуун бала бар же жалпы калктын 36 пайызын түзөт. Ички жана тышкы миграция көйгөйлөрү да кошул-ташыл коколоп турат. Жакырчылык балдардын жеткиликтүү билим алуу жана тийиштүү кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Мындай абал алардын криминалдык чөйрөгө тартылышына жана зордук-зомбулукка кабылышына жол ачары бышык", - деген мамлекеттик катчы.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын колдоосу менен "Социалдык келишим" долбоору ишке ашырылган. Аталган пилоттук долбоордун алкагында Жумгал жана Кадамжай райондорунан элүүдөн жакыр үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилип, аларга өзүн өзү иш менен камсыздоосуна көмөк көрсөтүлгөн. 2022-жылы Министрлер кабинети ушул долбоорду улантууну чечип, бюджеттен дагы 292 млн. сом бөлүнгөн. Ал каражат аз камсыз болгон 2800 үй-бүлөгө берилген. Алардын 59% алган каражатын мал чарбачылыгына, 20% тигүү ишине, 7% соодага, 3% коомдук тамактанууга жана башкаларга иштетишкен.

"Социалдык келишим" үчүн бөлүнгөн каражат.
"Социалдык келишим" үчүн бөлүнгөн каражат.

Министрликтин иш менен камсыздоого көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова Кыргызстанда жакырчылыктын өсүшүнө түрткү болгон жагдайларды мындайча түшүндүрдү.

"Акыркы маалымат боюнча жакырчылык деңгээли 33,3% бойдон турат. Бирок, эл аралык бейөкмөт уюмдардын жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн негизинде жакырчылык көбөйөт деген божомол бар. 2020-жылдан бери пандемиянын эмгек рыногуна тийгизген таасири эң негизги, түз көрсөткүчү болуп эсептелет. Андан тышкары, жакырчылыктын өсүшүнө жакынкы жана алыскы коңшу мамлекеттердеги саясат дагы таасир этет. Тилекке каршы, инфляция болгондуктан азык-түлүк баасы дагы өсүп жатат, бул дагы чоң көйгөй".

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда жашоо минимуму катары киши башына 7242 сом белгиленген. Адатта анын 65% тамак-аш сатып алууга коротушат. Калган 17% кызмат көрсөтүүлөргө, 16% азык-түлүк эмес товарларга жана 2% салыктарга төлөйт.

Өкмөт 2022-жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасын, жөлөк пулдарды жана пенсияны 50 пайыздан 100% чейин көтөрдү. Бирок, адистер социалдык тармакты каржылоону мынчалык көбөйтүү деле тыңгылыктуу натыйжа бере албаганын, аны тынымсыз өсүп жаткан баа менен инфляция "жеп коюп" жатканын айтышат.

“Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фондунун Жалал-Абад облусундагы өкүлү Арген Султанкул уулунун айтымында, жакыр үй-бүлөлөрдүн көбөйүп жатканына жумушсуздук менен кымбатчылык негизги себеп.

"Азык-түлүккө же акчалай дагы муктаждар өтө көбөйдү. Мунун бирден-бир себеби иш орундарынын аздыгына байланыштуу болууда. Мурда бизге майыптыгы барлар, ден соолугунун айынан иштей албагандар кайрылып келген болсо, азыр дени сак адамдар дагы кайрыла баштады. Буга кымбатчылыктын өсүп жатышы да себеп. Билинбегени менен кымбатчылык өзгөчө муктаждарды кыйнап жатат. Анткени, алардын киреше булактары жок, балким мамлекеттен алып жаткан жөлөк пулга гана жашайт – алардын да көпчүлүгү каражатын азык-түлүккө сарптабайт. Акчасы батир акысына, коммуналдык чыгымдарга кетет, ошондуктан азык-түлүк сурагандар аябай көбөйдү".

Эл аралык талдоочулардын божомолу

Эл аралык эксперттер Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун кесепеттери Борбор Азия менен Кавказ өлкөлөрүндөгү жакырчылыкты күчөтөт деп күтүшөт. Алар согуш инфляция менен акча которууларга таасир этет деп эсептешет.

Июнь айында Бириккен Улуттар Уюмунун өтө жакырчылык жана адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Оливье де Шуттер Дүйнөлүк банктын маалыматтарына таянып 2022-жылдын соңуна карай Кыргызстанда жакырчылык деңгээли 33,3 пайыздан 38% чейин өсөрүн божомолдогон.

"2020-жылы Кыргызстандын калкынын төрттөн биринен көбү (25,3%) же 1 млн. 680 миңдей адам жакырчылык чегинен төмөн жашаган. 2021-жылы жакырчылыкка кабылуу коркунучу бар адамдардын саны 8% өскөн. Бул тенденция андан бери дагы начарлады: Дүйнөлүк банктын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, жакырчылык деңгээли 2022-жылдын аягында 38% жетиши мүмкүн. Бирок, мындай божомолдор тез өзгөрүп жаткан контекстте этияттыкты талап кылат. Бул сандар баары эмес, анткени учурда жакыр деп эсептелбеген көптөгөн үй чарбалары жакырчылык чегинен бир аз эле жогору жашайт: жакырчылыктын чегин ченеген сумманын 5% гана өсүшү (айына 136 сомго) жакырчылыкта жашаган адамдардын санынын 3,6% пунктка көбөйүшүнө алып келет", - деп жазылат баяндамачынын билдирүүсүндө.

Оливье де Шуттер өз баяндамасын толугу менен 2023-жылдын июнь айында Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасында жарыялайт.

Баяндамачынын пикиринде, Кыргызстандын экономикасы импорт менен мигранттардын акча которууларына ашкере көз каранды болгондуктан, Орусияга салынып жаткан санкциялардын кесепетин катуу тартат. Ал "акча которуулардын кыскарышы менен инфляциянын өсүшү ансыз да араң жан багып жаткан кыргызстандыктардын капчыгын андан бетер жукартарын" айтат.

Эл аралык валюта фондунун өлкөлөр аралык талдоосу көрсөткөндөй, 2021-жылы сырттан акча которуулар Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн 32% чейин жеткен. Анын дээрлик 90% Орусиядан которулган каражаттар түзөт.

Ал эми 2-декабрда жарыяланган билдирүүдө 2022-жылдын январь-сентябрь айларында чет элден которулган каражаттын көлөмү мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,8% кыскарганы айтылат.

Фонддун эксперттери салынган жапырт санкциялар Орусиянын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүнө олуттуу сокку ургандыктан, мигранттардын ишинде жана акча которууларда бир кыйла тобокелдиктер жараларын божомолдойт. Бул мигранттардын которгон акчасына таянган үй-бүлөлөрдү олуттуу кризиске түртөт деп эсептешет алар.

"Орус экономикасынын алсырашы кыргыз экономикасынын өсүү темпинин басаңдашына, акча которуулардын азайышына жана эмгек мигранттарынын үйгө кайтышына алып барышы мүмкүн. Мындан улам пайда болгон кирешенин кыскарышы менен инфляциянын жогору көрсөткүчү көпкө узарып кетсе, анда ансыз да бийик деңгээлде турган жакырчылыкты андан бетер күчөтүп жибериши күтүлөт", - деп божомолдойт Эл аралык валюта фондунун талдоочулары.

Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министрлигинен кабарлагандай, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы Кыргызстандагы жакырчылыкты жоюу үчүн 105 млн. доллар берүүнү чечкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG